Бесплатно

Бабалардын баяны 2

Текст
iOSAndroidWindows Phone
Куда отправить ссылку на приложение?
Не закрывайте это окно, пока не введёте код в мобильном устройстве
ПовторитьСсылка отправлена
Отметить прочитанной
Бабалардын баяны 2
Шрифт:Меньше АаБольше Аа

БУЛ КИТЕП ЖӨНҮНДӨ ОЙ

Өзүңүн жазган китебиң жөнүндө сөз жазуу өтө оор. Эмнеден баштарыңы билбейсиң. Бирок китебиң чыгып жаткандан кийин баяндама сөз да болуу керек эмеспи. Китеп кантип жазылды, эмне үчүн жарыкка чыгыш керек, ал китеп кимге керек? Жана башка суроолор туулушу мүмкүн. Көп эле китепти окугам алардын баяндама сөзүн башка бирөөлөр жазып беришкен эле. Окуучулар ал китепти окуш үчүн чылгый мактоолор менен коштолуп жүрүп отурат. Окуган адамга кандайдыр бир рухий дух бериш керек. Сени кайратка, бөлөп, жан-дүйнөңү көкөлөтүп бийик абалда алып жүрүш зарыл окшойт. Ошондо сенин жазган чыгармаңын ийгиликтүү болгону, мээнетиңдин кайтканы билинип турат. Бирок бир нерсе бар. Ал окуучунун окуучулук табитине, деңгелине байланыштуу болот. Мисалы үчүн баардык эле окуучулар улуу акын, жазуучуларыбыздын чыгармаларын толук түшүнөт деген ойдон алысмын. Мисалы жогорку филология окуу жайын бүткөргөндөр А. Осмоновдун же Ч. Айтматовдун, Ф. Достоевскийдин чыгармаларын толук жеткиликтүү түрдө түшүнөт деген ойду ойлогум келбейт. Алардын чыгармасын түшүнүш үчүн окуучулук бийиктик деңгеел билим керек. Баардык эле окуучулар Алыкулдун ырларын толук түшүнө берет деген такилипти айта албайм. Анын ырларынан ар бир окуучу ар башкача эргүү алат. Мен бул жерде окуучунун чыгармачылык даремети жөнүндө сөз козгодум. Анын даремети канчалык жогору болсо, окуган чыгарманын ошончолук сиңимдүү сынчыл көз карашта болоору талашсыз нерсе. Көп адамдар караандай турмуш менен алектенип жүрүп китеп окууну таштады, Ал адамда эч бир окуучулук бийиктик болбойт. Өмүрүндө карандай турмуш менен алышып жүрүп, бир китеп окубаган адамдар толуп эле жатат. Аларда кайдагы окуучулук сыпат, битйиктик болмок эле.

Эми кепти бул китеп жөнүндө айтайын. Биз совет учурунда төрөлүп ошонун тарбиясынын негизинде чоңойдук. Ал учурда ата -бабанын санжырасы, же ислам дини жөнүндө эч бир түшүнүгүбүз болгон эмес. «Дин бул- адамдын башын айланткан апийим» деген таризде чоңойдук. Же болбосо ислам дининин төгүнгө чыгарган атеизим деген окуу болгон. Совет доору урады. Ата бабанын санжырасы кайтып келди.Мурун санжыра ацткан кишилерди өзүмчүл адам дечүбүз. . Ал эми куран окуп, намаз кармаган адамда түшүнүгү жок эски адамдар деп эсептеер элек. Чындыгында андай деле эмес экен. Ата бабанын санжырасын билип алсаң, ал деле сага жаман болбойт тура. Ислам дини менен жүрсөң тарбияң жакшы болуп, жаман ишке барбайт экенсиң. Бул жерде мен эмне үчүн санжыра керектигин кыскача баяндадым.

Эми мен тее береги 1990-1992 жылдардын тегерегинде кол жазма менен айылдаштарыма эки китеп тараткам, экөө тең ыр китеп эле. Айрым жердештер аны окуган чыгаар. Кээ бир жазуучулар туулган жери жөнүндө чыгармаларында такыр кайрылбайт десе болот, алардын киндик каны тамган жери жөнүндө бир-эки эле ыры болот. Ошого туулган жер жөнүндө чыгарма жаздым деп каниет кылып, корстон болуп жүрө берет. Мен андай кылганым жок туулган жер жөнүндө төрт китеп жазайын дегем, буюрса үчөөн жазып бүттүм. Аларды кемчилдигин карап көрүп, оңдоп чыгара берсе болот. Ал китепти кээ бир адамдар окуптур. Ырахмат. Китеп болгондон кийин анын кемчилдиги болбой койбойт. Кандай чыгарма жакшы жаралат. Китеп жазган киши өтө көп окуган, окумал адам болуп, көп эмгектениш керек. Жашоо жөнүндө көз карашы болуп, ой жүгүртүүсү тунук, терең түгөнбөгөн мээнеткечтиги керек. Жөнөкөй адамдар сезе албаган нерселерди сезип турушу талап кылынат. Жалгыз эле кыргыз китептерин эмес, тиги жакта дүйнөлүк адабият турбайбы. Ошолор менен аябай терең тааныштыгың болушу абзел. Кыргыз адабиятын жаралгандан берки китептерди окуп чыгыш керек. Ошондон кийин гана кичинекей айылды төрт китеп кылып жаза аласың. Эгерде дүйнөлүк алабиятты билбесең эки-үч ыр менен эле бүтүп калаарың бышык, ары жакта оргуган кенчиң болбосо эмнени жазмак элең. Түгөнбөгөн жазма өнөрүң болбосо, бир барак кагазды толтуруш деле азап болуп жатпайбы. Дагы бир маселе. Эми китеп кандай жазылды анын тагдыры ошол жактан чечилет. Бул эң эле жооптуу суроо. Мен кээ бир адамдар менен аңгемелештим алар айтты: « Бизди өтө аз жазыпсың, көп жазышың керек эле, тигил шоңколорду мактай берипсиң, андай болбойт. Бүтөбайларды макташың керек болчу, баланчаны эң эле аз жазыпсың, эмне үчүн китебиңди мага бербейсиң? Жана башка ушундай ойлор көп айтылды. Шоңко, уралы туугандарыбыз деле биздей адамдар, аларды деле мен көп мактаганым жок. Болгонун эле жаздым. Эми бүт баардык адамдарды мен кантип жазып чыгам, анда китеп болбой калган жатпайбы. Андай болушу мүмкүн эмес, балким кээ бир омоктуу адамдар жазылбай калгандыр аларды кошсок болот. Мен айылдаштарымы Акаев менен Бакиевдин азаптуу учурунда жаздым. Ал учурда адамдар айлы жөнүндө ыр жазуу эмес ачкалыктан курсагымы кантип тойгузуп тирүү калам деген абалда болчу. А мен ошол ачкалыкта ун жок, нан жок кезеңде кубануу менен жердештеримди ырга сала бердим. Биз ал кезде жарыбаган кичинекей маяна үчүн арак, ун, шекер, чай алып калганбыз мындай азаптуу абал бир канча жылдарга созулду. Ал кезде заман оңолбой эле оңкосунан кеткен учур болду. Акыры эки желмогузду өлкөдөн кууп чыгып, эми кичине заман оң жолго түшүп келатат. Ал кезде каражат жок айылга да баруу мен үчүн тозокко турду. Мындай кезде адам-адамды, тууган-тууганды карабай, байлыгы бар кишилерди айланчыктоо башынан эле келе жаткан көрүнүш эмеспи. Анан мен кантип ар бир кишиге китепти таратып берем. Дагы ошончо убактымы коротуп, машинкага басып бергениме ыраазы болсун. Ал китепти алган кишилерден же, окуган адамдардан деле эч бир кымындай жакшы сөз уккан жокмун. Бирөө дагы ырахмат айткан жок, кайра көоө албай аты калган жатат деп,текеберсинет.

Ар бир адам өзүнчө тарых, санжыра ошол үчүн колдон келишинче анча-мынча болсо да ошолордун образын берип, келечекке сактап калайын жердештерими ырга салайын деген эле ой.

Убакыт өтөт замандар жылып, адамдар картайып жок болот. Ошондо кийинки муун окуса деген эле ой турат. Мисалы биз мурунку адамдар жөнүндө эч нерсе билбейбиз, баарын унуттук, анан биз дагы ошондой болуп унутулуп калалыбы. Менин балалык күнүмдө элесиме сонун адамдар эске келет. Аларды биз таппай калдык, Бир жашап өттү, бүттү кетти. Кимдин ким болгону бизге белгисиз. Андай болбойт го. Чыгармада баардык адамдарды чылгый мактай берүү жарабаган иш, ага эч бир адам ишенбейт. Ар бир чыгармада тарбиялык маани-маңыз болуш керек, кийинки муун мурунку муундун жаңылыштыгын кайталабай жакшы адам болуш керек, ошол керек болуп жатпайбы. Мен чыгармада эч бир адамды жамандайын деген оюм болбоду, анын мага кереги да жок, болгону ирония, күлкү үчүн кичинеден чымчып өттүм. Ал эми кемчиликти айткан аты жок ырлар бар алар жалпыбызга сабак болот, ошол үчүн ошол кемчиликти кайталабай жакшы адам болушубуз керек болуп жатпайбы.

Ошондой эле китептин аяккы бетинде Беккулу атанын үч уулунун тукумдары жазылган тизме толугу менен киргизилди. Анда кемчиликтер бар кыргызда көч бара-бара түзөлөт деген асыл сөз бар эмеспи. Балким кээ бир адамдар тизмеге кирбей калган же туура эмес жазылган. Ошондой болсо да негизги тизме жазылды аны оңдоп алууга болот. Кимдир бирөө ошону оңдоп, толуктап, тууралап берсе гана. Анын атына ырахмат айтып, китепке киргизип коёт элек. Тизме эмес китеби жок, а деген санжырасы жок кыштактар толуп эле жатпайбы. Аларга жети атасын, жети атасын санжырасын билүү адамдык парзы эмес, аларга мындай ишти аткаруу кандай азап тозок. Муну бел байлаган киши гана аткара алат эмеспи. Ал эми китепти окуп алып, «мындай тигидей» деп айта берсе болот. Ал өтө жеңил. Жазганга караганда ооз эки сүйлөп сындаган алда канча жүз эсе оңой эмеспи. Керек болсо алар бул китептин кимге кереги бар эле деген ойду айтышы ыктымал.

Эми санжыраны окуу маселеси. Бизде деле кыркка чукулдап калган адамдар да жети атасын билбей жүргөндөр көп эле. Бар. Жети атасын сурай келгенде «биздин атабыз чымчык эмес беле дейт. Баса Торгой ата бар эмеспи» дейт. Ал адам «Сенсиң менин торгоюум» деген ыр бар эмеспи. Ошону эстеп, ошондон ал ата-бабасынын атын эстеп жатат. Жети атасын чымчык аркылуу элестетип алган. Кээ бири айтат «Кара көйнөк биздин эченчи атабыз» дейт. Бизде кара көйнөк деген атабыз болгон эмес. Өзүнүн ата-теги жөнүндө эч бир түшүнүгү жок. Алардын жети атасын билүү, билбөө өз эрки өз маданияты, же билбесе билбей эле койсун. Бирок өтө улгайып калган адамдардын эсине жети атасын билүү парзы сөзсүз эсине келет. Ошол улгайып калган учурунда санжырага кызыга баштайт. «Мен ким элем, ким болдум?» деген ой туулат…

Эми экинчи китеп жөнүндө баян кылайын. Китеп Ырыскан атадан Беккулу атанын уулдарынын Көңдөй жерине көчүп келгендигин ыр менен баяндап бердим. Жаш келечек муундар ошол санжыраны да билиш керек. Ошол үчүн ал санжыра да.

Бул үч китептин жаралышына кызым Жылдыз Абакированын эмгеги аябай зор. Китепти баштан аяк редакциялап, уйкаштыгын келиштире көркөмдөп, толуктап оңдоп чыкты. Эгер анын эмгеги болбосо олдоксон уйкаштыгы жок бир китеп болуп калмак. Китептеги көп керексиз нерселерди такыр алып таштады. Ошондон кийин ушундай китеп жаралды. Ата: «Сизде музыкалык слух такыр жок ошол үчүн ырларыңыздын уйкаштыгы өтө начар» деп, мени уяткарып, аябай оңдоп кемелине келтирди. Мен ошондо уялып ыр жазбай эле койсом дегем. Бул китептерге дагы Айгүл Жүзөнованын эмгеги зор ал үч китепти карап кайра-кайра оңдоп чыкты. Ал: « Олдоксон жазылган ырды эч ким окубасын»– деди. Алардын эмгегин айта кетпесем болбойт. Ал эми баардык чыгармаларымды компьютерге басууда кичүү уулум Автандил Абакировдун эмгеги аябай зор болду. Эгерде ал болбосо, менин ишимиде кенедей жылыш болмок эмес. Анда ак кагазды карап жалдырап отура бермекмин. Ал бала кезинде жумуш иштеп, өзү кампьютер сатып алып, анан ишке киришкен. Менин чыгармаларымды жаза баштаган.

Муну жазыш үчүн көптөгөн санжыра китепти окуп чыктык. Баса үч китепти тең эчак эле тее илгери жазбадым беле андан бери канча замандар өттү. Андагы төрөлгөн балдар отузга чукулдап баратат.

Эми сөздү узарта бербейин калганын кийин сүйлөшө жатаарбыз. Баса бул китептеги жана өткөн китептеги кемчиликтерди айтып, же жазып берсеңер дурус болгон турат. Себеби ал кийинки чыккан чыгармада кайталанбаса болду.

 

Мен дагы эмнени айтайын дедим эле, мен улгайдым чачым ак чалды. Айлым үчүн Беккулу атанын тукуму үчүн колдон келе турган санжыраны жазып бердим. Алар ата-тегин билип, туулган жерин сүйүп, жашасын дедим. Колуман келген китептерди жазып бердим. Аларды көп китеп кылып чыгарыш өздөрүнүн эрки. Мен эч нерсе айта албайм. Санжырадан башка дагы менин көп иштерим бар: ырларым, жомокторум, поэмаларым, сатираларым, учкул сөздөрүм, мугалимдик чыгармаларым, достук тамашалар жана башка толуп-толуп жаткан эмгектерим. Кээ бир жерде мындай чыгармачыл кишилиерди эли колдойт экен бирок менин ага көзүм жетпейт. Анан тигил санжыраны чыгартып алыш алардын өз эрки. Ал болбосо, мен жазып берген машинка менен басылган кол китепти окуп жүрө беришсин. Менин тилегим ата-тегин билсе болду, андан башка нерсени деле каалабайм. Ал эми рухий маданиятын, байлыгын жогорулатуу ар бир адамдын өз иши.

Беккулу атанын урпактарына арналат

АК БАТА САПТАРЫ

Артыбызда калдайып

Тескей бийик тоо турат.

Алдыбызда бет жайып,

Атактуу күнгөй бу турат.

Үстүбүздө көрүнүп,

Төбөсү бийик көк турат.

Аяк жагы көшүлүп,

Төшү түктүү жер турат.

Эки тоонун ортосу,

Элетте пейпил жашаган,

Берешен жана бай келген,

Бек атадан тараган,

Көп учурду турактап,

«Көнөчөк» айлы бу турат.

Ата баба арбагы,

Айдыңдуу элин коргосун!

Элинин пейли ток болуп,

Эгем өзү жылоолосун!

Маанайын бай жараткан,

Мал жаны бар болсун!

Кыртыштуу жерден чогулткан,

Кырманына дан толсун.

Сапырылтып бышканда,

Сабасында кымыз болсун.

Сайроонунда жарышып,

Сабалаган суу аксын.

Очок эне алоолонтуп,

Коломтодон от кетпесин.

Жолдошубуз кыдыр болуп,

Жолубуз ичкербесин.

Байгамбардын батасы,

Бай менен жалчыга,

Байымы болуп бир тийсин.

Чогултуп баккан койлорун,

Чолпон ата колдосун.

Камбар ата карышкырды,

Кабалаңда жолотпосун.

Баба дыйкан, Жер Эне,

Ата турган таңды тоссун.

Ага- тууган арыздашпай,

Ар дайыма бар болсун.

Кыйын күндө оомат келип,

Кырсык капшап жолобосун.

Куу турмушка бир келдик,

Курсагыбыз ток болсун.

Кыдырып жүргөн көңдөйдү,

Кыдыр Алей Салам бар.

Жаралгандан ак үмүт,

Жар болуп жалгашаар.

Жаман ойлуу жоголсун,

Жакшылары көп болсун.

Урмат күтүп ата-эне,

Уул үйлөп, кыз чыгарсын.

Улууларын кадырлап,

Уул-кыздары сыйласын.

Эчен кылым келаткан,

Элинен бак тайбасын.

Айдыңдуу элде аты бар,

Арбактар тынч уктасын.

Арсыз бала жаралып,

Атага наалат кетпесин.

Кары-картаң чалдардын,

Каргышынан алыс кылсын.

Атадан жалгыз туяк бар,

Андан тукум улансын.

Энеден ырыс кетпесин,

Эңсеген ойго тез жетсин.

Атадан ыйман кетпесин,

Арбакты дайым эскерсин.

Жамандын капшабы,

Жаамы журтка тийбесин.

Жакшыны кудай колдосун,

Жашоодо аман бар болсун.

Арып ачуу жоголсун,

Ачка пенде болбосун.

Ак эмгек менен жашайлы,

Бирөөнү кор кылбайлы.

Карынын баркын сактайлы,

Жаштардан ыйбаа кылалы.

Бөтөн эл тынчты албасын,

Жергеме сук артпасын.

Бугу эненин арбагы,

Уул -кызына жол ачсын.

Торгой ата айдыңы,

Тополоңдо сактасын.

Беккулу ата арбагы,

Бекемиреек чеп болсун.

Үч атадан жаралган,

Көгөртүп бак сайган,

Көңдөйүбүз бар болсун!

Көөнөрбөй аман жашасын,

«Көнөчөк» эли дагы аман!

Түйшүккө салбай бу элди ,

Түбөлүккө бар болсун,

Түбү түктүү жер аман!

Жылдыздуу бу элди,

Жылган булут колдосун.

Көп үмүттү бул элди,

Көкө теңир коргосун!

Айлыбыз менен бир болуп,

Айдан аман чыгалы!

Жылдыздуу ойду жылоолоп,

Жылдан аман чыгалы!

Жараткан Кудайым,

Жалгамак сизден!

Кааданы күтүп,

Кабыл алмак бизден.

Оомийин!!!

***

Өмүр чиркин кыйма-чийме жол болот

Далай издер буйткаларда жоголот.

Жашоо безет, аны менен жол оошот,

Кеткен убак кайра бизге жолобойт.

Өмүр кайык толкундарга кезигип,

Өткөндөрдү эскергенге кез келип…

Баяндаган баскан жолун бабанын,

Бул китебим болуп калаар эстелик.

***

Сапар келип нени таптым жолумда,

Чирик дүйнө жыйыш үчүн келдимби.

Же болбосо бок курсакты тойгузуп,

Алкымды ачып күчтү үрөй бердимби.

Эмне кылдым, нени бердим өмүргө?

Өткөндү эстеп мурункуга кайрылам.

Аткардымбы калчу ишти көңүлгө,

Ал суроого жооп айта албай айбыгам.

***

Тоолордо түн. Караңгынын койнунан,

Толкуп-ташып күүсү угулат комуздун.

Акун ата чоң комузчу өттү эле,

Анын тапкан шаңгыр күүсү болбосун.

Комузчубуз черте берсин комузун,

Кылым күүсү биздерди жылоолойт.

Күүлөр, күүлөр бийиктикке оболойт,

Беккулу уулу андан баян козголот.

***

Жалгыз атчан жолочу,

Тешик Көлдө келатат.

Тепчип өтүп кыяны,

Темине атын камчылайт.

Жабыгып ырдап үн созуп,

Жамагын төгүп баратат.

Бу өмүрдүн өзүндө-

Ар бирибиз жолочу.

Жолду улап сапарлап,

Жомок таштап кетебиз.

Жол жүрүү оор экенин,

Жол нугунда сезебиз.

Арымдуу ушул жашоодо,

Ар бирибиз обончу.

Обого чыгып кайкыган,

Обон таштап кетебиз.

Айдыңдуу өмүр жаркыган,

Ар бирибиз комузчу.

Күн нурундай калкыган,

Күүнү таштап кетебиз.

Кайран өмүр бир келип,

Карааны учат калкылдап.

Жашообуз майда нерседей,

Бош кетпесин аңгырап.

Салт атчан жолочу,

Жар кыяда баратат.

Алдындагы боз жоргосун,

Ашыга улам камчылайт.

***

Эң биринчи өз атаң,

Андан кийин чоң атаң.

Баба деген үчүнчү ата,

Бул жагын сүрүп тактасаң.

Буба деген төртүнчү ата,

Муңая кепти баштасаң.

Муштум деген бешинчи ата,

Кубарың болот алтынчы ата.

Кубанып кепти тактасаң.

Жогортон кепти таштасаң,

Жото болот жетинчи ата.

Себепсиз сөз козголбойт,

Сегизинчи ата жете болот.

Байыртадан келаткан,

Бабалар сөзүн барктап ал!

Жети атаңы билип кал!

***

Түпкү атабыз Беккулу,

Түгөл кыдыр даарыган.

Улууларды туурагам,

Улама кепти улагам.

***

Эл башчысы Элеман,

Эзелкиден сурагам.

Калк атасы Калкаман,

Карыдан баян улагам.

Эселкилер өтүп кетсе,

Эми кимден сөз сурайм?

Карылар небак жол кетти,

Кандай кылып сөздү улайм.

Акындын пири Сары кыз,

Сары кыздан сөз сурайм.

Сап-сапка тизип сүйлөмдү,

Саргара жортуп жол улайм.

Теректин пири Байтерек,

Бизден сизге ким керек.

Теректей бой бергенче,

Теменедей ой керек.

Сапар кеткен жолочу,

Саргара жортуп берилейт.

Сабалатып тарыхтан,

Санжыра айтып чал келет.

Малдын пири Малабай,

Байыркы Көңдөй малга бай.

Малын союп жебесе,

Көнөчөк эли жардыдай.

Жердин пири Жер Эне,

Жергебиз гүлдөп турса ээ.

Кылымга тынчтык уланып,

Кылкылдап бакыт консо ээ.

Элдин пири Элеман,

Элге бакыт консо ээ.

Той берип журт кубанып,

Токчулукка батса ээ.

Жылкы пири Камбар ата,

Жылкычы алып атакты,

Жылгага кабар таратты.

Жылдыздуу уулдар төрөлүп,

Жылдарга жышаан таратты.

Кийик пири Кайып Берген,

Кайып Берген сак мерген,

Жандыкты ата бербестен,

Жалпыга бакыт тилеген.

Жаамы журтка бакыт тилеген,

Жамаке мерген сак мерген.

Куштун пири Буудайык,

Курбудан атын желдирип,

Куш салган калаар кубанып.

Кищи пири Адам Ата,

Адам Ата колдосун!

Ар дайыма жар болсун!

Үндүн пири Камбаркан,

Ыр, күү кылым арыткан.

Кымбат күүнү уккандар,

Кыйлага эргип кубанган.

Кайта уксак деп суранган.

Бакыттыкы Кыдыр Иляс,

Беккулу уулун колдосун!

Бакыттын өзү жар болсун!

Баланыкы Умай Эне,

Бешик термейт Жер Эне

Бешенеси жайнаган,

Балдар толсун жергеме!

Байыркынын учкул ою,

Бабырата уланган.

Суунун пири Сулайман,

Бизден эмес кудайдан.

***

« – Бугу эне тирүү»

Баатыр Балбайдын сөзү.

Качкынбай Осмоналиев. « Көчмөндөр кагылышы» деген романынан

***

«Беккулу атанын талы колдосун. Оомийи»!!!»

Темир –Канат айлынын бата тилегендеги ыйык сөзү.

***

Сан жылкылуу Сарыбай,

Миң жылкылуу Каптагай,

Биздин Бугу четте бай,

Алты Басаар Тагай бар,

Кара Көйнөк Канай бар,

Союл чабаар Саяк бар,

Көл башында көп Белек,

Көбүндө жылкы көрөсүң,

Канимет кылып жөнөөрсүң,

Каяша кылсаң өлөөрсүң!

Солтобай төкмөнүн ыры К. Осмоналиев. «Көчмөндөр кагылышы».

****

« Тоңдо Темир-Канатта Кара көйнөк аттуу кайындарым бар эле. Капканчы Ысабекке карай аттандым. Анын аңчылык ирети келип, Суусардан өйдө байланып турган учуру экен.

А. Акматалиев « Баба салты, эне адеби» деген китебинен.

***

Өткөндү унуткан киши алдыны ойлобойт,

Адам өткөнү менен келечегин боолголойт.

Эл макалы.

***

«Өткөндү унутпа, ал келечектин окуучусу».

Кытай Эл макалы

***

«Акмактардын акмактыгынан, жакшы адамдын жакшылыгынан үлгү менен окуучуларга билим пайда кылат. Жүрөгүндө оту бар жигиттер тарих билүү керек. Тарых билген адамдар мурунку өткөндөрдүн ал абалын көргөн сыяктуу билет. Тарых окубаса, гезит көрбөсө, илими болбосо, атасынын башын билеби!»

Осмоналы Сыдыков

Кыргыздын агартуучусу, улуу тарыхчысы

***

Билимдүүнүн билими жугат,

Билимсиздин чириги жугат.

Эл макалы.

***

Адам деген өмүр сүрбөйт түбөлүк,

Бабалардын баскан жолун сүрөлүк.

Анда-мында кобураша калганда,

Аталардын атын айта жүрөлүк.

АТАЛАР АТЫН СҮРГӨНДӨ

Аталардын баянын

Азыр айта баштайын.

Айдыңдуу тоодо мал баккан,

Алаш менин чоң атам.

Андан аркы бабабыз,

Акылман Көлөй карыя,

Кеби элге жарыя,

Кеменгер Көлөй карыя.

Сөзү элге жарыя,

Сөзмөр Көлөй карыя

Аңгемем ары уланат,

Көңдөйгө келген уулдары,

Көөнөрбөс атам Баястан,

Баястан эмес Бай арыстан.

Ушуларды айтайын деп,

Ойлонуп турдум жанатан.

Андан ары калтырбай,

Аңгемемди узартсам,

Дагы-дагы кеп айтып,

Дайнымы айтып уласам.

Каадалуу элден даңк алган,

Кара көйнөк аталган.

Жыргалаңда жашаган,

Жыгачтан уук жасаган,

Жылдыздуу атам Бүтөбай.

Берешен жана бай келген,

Берки атабыз ушундай.

Уңгусунан калбастан,

Уламалар уланат.

Сабалаган жылкыдай,

Санжыралар куралат.

Айдыңдуу уулдар тараган,

Атагы элге даңкталган.

Аркы атабыз Беккулу,

Акылдуу адам аталып,

Айта жүргүн ушуну.

Карааны тоодой көрүнгөн,

Кагылайын жан курбу.

Дагы эмнени айтайын,

Дайныман кабар тактайын.

Эл башкарып тың чыккан,

Эрөөлдө туруп кармашкан,

Торгой деген атанын,

Тоодой болгон атагын,

Топ-тобу менен айтайын.

Куржунга салып алып барган,

Кужулдагы чуу жарган.

Куржун деген атанын,

Батыра кетем атагын,

Баштап жазган ырыма,

Бабамдын жалгыз баласын.

Абалтадан келаткан,

Аңгемемди улантам.

Аркы атабыз Төрөкочкор,

Аталар жолун уланткан.

Бабабыз болгон Жамангул,

Эл багаар эле анык бул.

Андан ары Алсейит.

Анан дагы Мырзакул.

Айтайын деп баштаган,

Аңгеменин жайы ушул.

Бабалардын баянын

Бабырап айта баштайын.

Эч бир жерин ката айтпай,

Элестүү болсун баяным.

Тайсалдабай түз айттым,

Мен айтпасам ким айтат.

Санжыра билген киши айтат.

Калыстыкты так айтат,

Каада билген киши айтат.

Бабабыз болгон Орозбак,

Кыңая баскан мойну ийри,

Өңү сары, сөз билги,

Кылымга кеткен атак даңк,

Кылжырдан баян такталат.

Аркы Тагай атабыз,

Айбаттуу болгон эр болгон,

Эр уулу менен тең болгон.

Канча жоого намыз бербей,

Кадимки жолборс берендей,

Кармашта элин коргогон,

 

Өзгөгө намыс карматпай,

Өз элине чеп болгон.

Атанын эгиз уулдары,

Агуул жана Кууул,

Алардан тукум уланган.

Аңгеме айтам булардан.

Агуул биздин атабыз,

Алыста калган бабабыз.

Абалкыны жакындатып,

Алардан баян айтабыз.

Ак карлуу тоодо төрөлүп,

Атак даңктан чеп курган.

Душманга бербей намысты,

Туу алдында бек турган.

Кооптуу жерде алышып,

Коогалаңда чабышып,

Атанын жалгыз баласы,

Сыйлап көзгө басаары,

Доордун айтып тарыхын,

Долон бий өткөн дүйнөдөн.

Аңгемемди ары улайм,

Андан аркы атабыз,

Кыргыз-кыргыз болгону,

Кыргыз атка конгону.

Тайган эмес ырыстан,

Аркы атабыз Ырыскан.

Каадалу өмүр өтөгөн,

Карабагыш, Акбагыш,

Анан дагы Чоңбагыш

Акбагыш биздин атабыз,

Удеге менен кармашкан,

Намысты коргоп калмактан,

Нарктуу жолдон тайбаган.

Эли-жерин коргогон,

Элес айттым ошондон.

Кыргызды кыргыз кылып,

Кылымдар боюу сактаган.

Баян козгойм кайтадан,

Байыркы ата бабамдан.

Аркы атабыз Үрүмчү,

Айдыңдуу баян оболойт.

Ата-баба тарыхын,

Айтканым сонун кеп болот.

Мен булардын аттарын,

Санжырадан окугам.

Качанкыны кеп кылган,

Карылардан көп уккам.

Ушундайбы, башкабы,

Чын баянын ким билет.

Качанкы кеткен тарыхты,

Карылар аны эскерет.

Санжыраны билбеген,

Сай-сайда калып жоголот.

Жети атасын билбеген,

Жетип уул деп кордолот.

Ушуну менен бул айтаар,

Учкай кебим токтолот.

СӨЗ

Хан бектердин катаалдыгын айткан сөз,

Качанкы бир байыркыдан калган сөз.

Бал-балдардан балбылдата күү чалып,

Бабалардын баянын айткан дагы сөз.

***

« Ыр –сөздүн падышасы»

Купите 3 книги одновременно и выберите четвёртую в подарок!

Чтобы воспользоваться акцией, добавьте нужные книги в корзину. Сделать это можно на странице каждой книги, либо в общем списке:

  1. Нажмите на многоточие
    рядом с книгой
  2. Выберите пункт
    «Добавить в корзину»