Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести

Текст
Читать фрагмент
Отметить прочитанной
Как читать книгу после покупки
Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести
Шрифт:Меньше АаБольше Аа

© Кубан Чороев, 2016

ISBN 978-5-4483-2126-9

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero


Улуттук банк кризистен чыгармак, бирок…

Кыргызстан экономикалык депрессиядан чыгуу үчүн акча реформасын жасоо зарыл жана Улуттук банкты улутташтыруу керек

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасы монетардык терминдер менен мүнөздөгөндө эки терс жагдайга кабылып турат: бир жагынан экономикабызда долларлашуу процесси жүрүп жатса, экинчи жагынан сомдун массасы кескин түрдѳ төмөндѳп кетти. Аталган жагдайлар экономикабыздын жакынкы келечектеги өсүшүнѳ кооптуу абал жаратты. Мындай абалды биз экономикалык депрессиянын башталышы деп айтсак жаңылбайбыз. Коомдо экономикалык бүдөмүк абалга байланыштуу экономикалык активдүүлүк өтө төмөн деңгээлге түшүп кетти. Эми бул абалдын келишинин себептерин жалпак тилге салып, чечмелегенге аракет кылып көрөйүн.

Куну кеткен сом, көкөлөгөн доллар

Акыркы он жылда өлкөдөгү улуттук валютабыз – сомдун массасы жылдан жылга өсүп келаткан эле. Ал эми өткөн 2014-жылдын он бир айында сомдун массасы 22.7 млрд. сомго азайып кетти. Мындайча айтканда, экономикабызда болгон сомдун массасынын үчтөн бир бөлүгү кыскарып жатат. Бирок сомдун массасынын кыскарганына карабай, инфляция 2014-жылдын акыркы он бир айында 10,2% түздү, салыштырмалуу мурдагы 2013-жылы инфляция 4.4% түзгөн эле. Эмне үчүн мындай кызык абал түзүлүүдө? Ар бир экономист билгендей, инфляция бул акчанын көлөмү көбөйгөндө боло турган экономикалык кѳрүнүш. Ал эми ѳткѳн жылы акчанын – сомдун көлөмү 30% чейин азайып жатса, бул инфляция кайдан келип чыкты деген суроо туулат.

Экинчи кызык жагдай, бардык коммерциялык банктар «сом менен биздин банкка депозит салыңыз, пайыздар көтөрүлдү» деген жарнактарды илип жатышат. Ал эми ошол эле убакта Улуттук банктын статистикасын карасак, банктарда сом менен салынган депозиттер акыркы жылда кескин кыскарып кетти. Үчүнчү кызыктуу жагдай, Улуттук банк 2014-жылы сомдун курсунун туруктуулугун кармаш үчүн валюталык резервинен 516 миллион АКШ долларын коротту. Мындай ири сумманы Улуттук банк буга чейинки турмушунда короткон эмес, бирок буга карабай доллар 2014-жылдын башында 49 сом болсо, жылдын аягында 60 сомду түзүп, 11 сомго же 18% кымбаттап кетти. Бул деген Кыргызстанга келген импорттук товарлар жана дары-дармектер 18% кымбаттады дегенди билдирет.

Өйдөдө айтылып кеткен жагдайлардын себептерин экономиканын долларизациясы же долларлашуусу менен түшүндүрсөк болот. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2014-жылдын ноябрь айына карата экономиканын долларлашуу деңгээли 58.2% түзгѳн. Бул биздин экономикабыздагы коммерциялык банктарда депозиттерде жаткан доллардын көлөмү жалпы акча массасынын 58.2% доллар түзөт дегенди билдирет. Ал эми банктардан тышкары жаткан накталай долларларды кошкондо, мындан да бир кыйла доллардын пайыздык көлөмү өйдө болору анык. Дүйнѳлүк стандарттарга таянсак, бул көрсөткүч 50% ашканда өлкөнүн улуттук акча системасы көзөмөлдөн чыкты жана ошол өлкөнүн Улуттук банкы өз жөндөмдүүлүгүн жоготуп, акча системасын көзөмөлдөй албай калды деп бааланат. Эгерде абал ушул нукта өнүгө бере турган болсо, анда улуттук валютанын жана Улуттук банктын мындан ары кереги жок болуп калышы ыктымал. Анткени, анын коомго болгон пайдасынан өзүнүн жеген куну көп болуп калышы мүмкүн.

Кайда барба доллар

Экономикабыздагы долларлашуунун түпкү себеби биздин Улуттук банк акча системасын натыйжалуу көзомолдөй албагандыгынан улам сомдун туруксуздашып кеткенинде жатат. Кыргызстанда жарандар жана ишканалар сомго ишенбегендиктен, бардык чогулткан аманаттарын долларга айландырып, доллар менен сактай баштаганы бардыгына белгилүү. Кыргызстанда бардык [битая ссылка] рыноктук келишимдер доллар менен жүрөт.Автоунаа сатып аласызбы, үй аласызбы, жер аласызбы, бардыгы доллар менен ченелет жана иш жүрөт. Демек, сом өзүнө жүктѳлгѳн акча функцияларын аткарбай калган. Ал эми 2014-жылга чейин өлкөнүн долларлашуу деңгээли 50% чейин эле. Бул ал кезде Улуттук банк акча саясатында таасирдүүрөөк болуп, абалды туруктуу кармоого жөндөмдүү болуп келгенин көрсөтөт. Бирок 2014-жылы сомдун курсу кыйла төмөндөй баштаганда элдин жана ишканалардын Улуттук банкка болгон акыркы ишеничи такыр жоголуп, экономикада толук долларлашуу багыты күч алды.

Эми эмне үчүн бүгүнкү күндө сомдун куну жоголуп, доллардын курсу өсүүдө? Түшүндүрүп берүүгө аракет кылайын.

Биринчиден, долларга болгон суроо-талаптын чукул өсүп кетүүсүнө кандай жагдайлар түрткү берерин жогоруда түшүндүрдүк.


Кыргызстанда үй сатуу-сатып алуу доллар менен гана жүргүзүлөт

Экинчиден, сомдун долларга карата арзандашы экономикада сомдун массасынын өсүшү менен тыгыз байланышта. Эми кандай учурларда сомдун массасы экономикабызда өсүп кетет? Биринчи, эгерде Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногунан доллар сатып алса, сомдун массасы өсөт. 2014-жылы Улуттук банк биздин валюталык рыноктон доллар сатып алган жок, тескерисинче 516 млн. АКШ долларын сатты.

Экинчи жол, Кыргызстандын өкмөтүнүн Улуттук банктагы акча эсебине башка өлкөлөрдөн жана дүйнөлүк донордук-кредиттик уюмдардан акча келгенде. Ал акчалар доллар менен келет, ал эми өкмөт сом менен бюджет аркылуу сарпташ керек да. Мисалы, Орусия федерациясы 500 млн. доллар которду дейли кыргыз өкмөтүнүн эсебине. Аны Улуттук банк өзүнүн резервине салат дагы, бир доллар 60 сом деген курс менен жаңыдан басылган 30 млрд. сомду кыргыз өкмөтүнүн казынасына которуп берет. Өкмөт бул акчаны бюджет аркылуу коротот. Өкмөттүн чыгашасы кимдир бирөөнүн кирешеси болот эмеспи. Андыктан бул 30 млрд. сом акырындап биздин экономикабызга агылып кирет. Бирок эл жана ишканалар «кирешелерди долларга которуп коёлук, сом арзандап кетет» дешип, доллар ала баштаганда суроо-талаптын көбөйүшүнѳн улам доллар сомго карата кымбаттай баштайт. Мына бүгүнкү күндөгү доллардын кымбатташы ушундан келип чыгат. Анан кийин кезек Улуттук банкка келип жетет. Башкача айтканда, доллар кымбаттап жатат деп эл дүрбөлөңгө түшкөндө Улуттук банк баягы өзү басып чыгарып, өкмөткө берген сомдорун баягы Орусия которгон доллар менен кайра сатып ала баштайт. Бирок Улуттук банк өкмөткө бергенде курс бир доллар 60 сом болсо, кайра ошол сомдорду сатып алгыча бир далай убакыт ѳтөт, доллар кымбаттап, мисалы, бир доллар 70 сомго чыгат. Буга байланыштуу баягы 30 млрд. сомду Улуттук банк кайра 428.5 млн. долларга сатып алып, ортодо 71.5 млн. доллар пайда көрүп, өзүнүн резервин толуктай берет. Ортодо кордукту көргөн баягы эле кыргыз эли.

Ал эми Улуттук банктын төрагасы коомчулуктун, массалык маалымат каражаттарынын, Жогорку Кеңештин жана президенттин [битая ссылка] «сомдун куну эмне үчүн түшүп жатат?» деген суроолоруна «сезонго, Орусиянын санкцияларына байланыштуу, нефть кымбаттап кетти» деген негизсиз себептерди айтып, жайгарат. Же болбосо Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларга шылтап, өз ишин уланта берет. Ушундай алдоо жолдору менен Улуттук банк мындайча айтканда, эбегейсиз байыган. 2002-жылы Улуттук банктын резерви 285 млн. доллардын тегерегинде болсо, азыркы күнү Улуттук банктын резервине 1 миллиард 970 миллион доллар акча жыйналган. Өзүңөр ойлоп көргүлөчү, Улуттук банк эч нерсе өндүрүп чыгарбаса, же сатпаса, бул резерв кайдан көбөйгөн? Ошол эле убакта бул резервдердин кѳпчүлүк бөлүгү чет элдик компаниялардын акцияларына айландырылып, чет өлкөлүк уюмдардын кызыкчылыгына иштеп жатат.

Бесплатный фрагмент закончился. Хотите читать дальше?
Купите 3 книги одновременно и выберите четвёртую в подарок!

Чтобы воспользоваться акцией, добавьте нужные книги в корзину. Сделать это можно на странице каждой книги, либо в общем списке:

  1. Нажмите на многоточие
    рядом с книгой
  2. Выберите пункт
    «Добавить в корзину»