Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору

Текст
Читать фрагмент
Отметить прочитанной
Как читать книгу после покупки
Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору
Шрифт:Меньше АаБольше Аа

Редактор Мирлан Бакытович Калдыбаев

ISBN 978-5-4490-9371-4

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero

КАРЫШКЫРДЫН КАМКОРДУГУ


Илгери, илгери бир кан болуптур. Анын, үч баласы болуптур. Балдарынын аттары бир бирине уйкаш экен. Улуу баласынын аты- Ормон, ортончу баласыныкы – Коргон, кичүү баласыныкы – Болгон экен. Балдары күн сайын бак-дарактарды кайтарышса да, күн сайын бактан бирден алма жоголо берет.

Бир күнү баягы бак-дарактарды кайтаралы деп Ормон, Коргон, Болгон үчөө тең келсе, бир куш алманы чокуп жеп отуруптур. Балдар тор жайышып кушту кармап алышат, куш көпкө чейин талпынып жатып учуп кетет да, бир канаты калып калат. Балдар үйлөрүнө келип, атасына болгон ишти айтышып, куштун канатын атасына беришет. Канат жөн канат эмес, алтын канат болуп чыгат. Атасы ойлонуп отуруп:

– Эгерде менин балдарым болсоңор, ошол кушту таап кармап келгиле, эгер таба албасаңар кайтып келбегиле, -дейт.

Үч баласы атасынын айтканын эки кылбай, ата-энеси менен коштошуп жолго чыгышат.

Үч бир тууган жүрүп отурушуп, бир кырдын ары жагындагы сайга келип кеңешишет. Ормон улуулук кылып:

– Биз үчөөбүз бир жүрсөк эч нерсе таба албайбыз, үчөөбүз үч жол менен үч багытка: бирибиз батышка, бирибиз чыгышка, үчүнчүбүз кыбылага карап бөлүнүп кетели. Ошондо гана биз ал кушту табабыз, -деп акыл айтат.

Агасынын сөзүн макул көрүшүп, үч бир тууган үч жолго кетишет. Улуу агасы Ормон батышка, ортончусу Коргон кыбылага, кичүүсү Болгон чыгышка карап жол жүрүп кетишет.

Жүрүп отурушуп аз күндөн кийин Ормон менен Коргон кездешип чогуу жол улантышат.

Кичүүсү Болгон күнү-түнү менен жол жүрүп, үч айрык жолго келет.

Жолго көзүн салып караса: «Оң жактагы жолго түшсө өзү өлөт, сол жактагы жолго түшсө аты өлөт, туура жолго түшсө, барса келбес» -деген жазуу бар экен.

Болгон ойлонуп: «Эгер өзү өлөргө түшсөм, өзүм өлүп атым калса, барса келбеске түшсөм, барсам кайра келбесем: ата-энемди, элимди көрбөй каламбы? Аты өлөргө түшсөм, атым өлүп жөө калармын» -деп аты өлөр жолго түшөт.

Болгон жүрүп олтуруп жүрүп олтуруп бир сайга келет, сайдан бир карышкыр чыгып, баланы аттан оодарып салып, атын жара тартып жеп алат. Болгон жөө кайда барарын билбей туруп калат.

Ошентип турганда Карышкыр кайта келип, адамча сүйлөп жай сурайт. Болгон куштун канатын издеп бара жатканын, атсыз калып, эмне кыларын билбей турганын айтат. Анда Карышкыр:

– Сага убал болгон экен, алыс сапарга бара жатканыңды билбей атыңды жеп койбодумбу. Эми сен менин аркама мингин, адаштырбай керегиңди таап берейин, -дейт.

Болгон эмне кыларын билбей турганда:

– Мен сага кантип жамандык кылайын, аркама мингин, -дейт дагы Карышкыр.

Карышкыр күнү-түнү жүрүп отуруп, бир айылдын жанындагы терең сайга келет. Карышкыр Болгонду аркасынан түшүрүп:

– Тетиги турган бийик чоң ак үйгө баргын да, эшигинен кирип барсаң, үйдүн капшытында жабышып турган бир куш бар. Бирок сен кызыгып аны колуң менен сылап жүрбөгүн, оң жагыңды карасаң бурчта конуп турган кушту көрөсүң, кушту алып чыгып тез келгин. Мен сени ушул жерден күтүп турамын – дейт.

Болгон айылга барып, баягы ак үйгө кирет. Кирсе, оң жак бурчта бир куш конуп отуруптур. Болгон кушту алайын деп бара жатып үйдүн капшытында жабышып турган кушка кызыгып сылап коёт. Ошол замат карышкыр «каңк» эте түшөт. Жан жактан кайтарып тургандар жүгүрүп келишип Болгонду кармап алышат да:

– Сен мында эмне үчүн келдиң? -деп сурашат. Болгон:

– Ушул алтын кушту атам алып кел деп жиберген, -дейт. Анда кайтаруучулар:

– Сен биздин айтканыбызды алып келсең, сага бул кушту беребиз, -дешет. Болгон:

– Эмне иш тапшырсаңар да орундатамын, -дейт.

– Ушул жерден жүрүп отурсаң бир сарайга кез келесиң, ошол сарайдын ичинде күмүш жалдуу, алтын куйруктуу бир айгыр бар. Ошону бизге алып келип берсең, биз сага кушту беребиз, -дешти кайтаруучулар.

Болгон сарайдан чыгып, башынан өткөн окуяны Карышкырга келип айтат.

Карышкыр Болгонду үстүнө мингизип күнү-түнү жүрүп отуруп баягы сарайга келет. Дем алып отурушуп, Карышкыр баланы баягы күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып келүүгө жиберет. Жиберерде ал:

– Сарайга кирсең, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөсүң. Жан-жагыңа бурулбай, айгырды чечип алып, кирген жерден кайра ошол изиң менен чыккын, -дейт.

Болгон сарайга кирип, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөт. Айгырдын жанына барып сырдалган казыкка кызыгып сылап коёт. Коңгуроо шыңгырап, кароолчулар келип Болгонду кармап алышат. Кароолчулар:

– Эмне кылып жүргөн жансың? -деп сурашат. Болгон аны кароолчулар жумшаганын, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып барса, алтын кушту аларын айтат.

Кароолчулар:

– Көк-Дарыянын жакасындагы, Көкчө Тоонун арасында тоо менен теңдешкен, сырты күмүш менен жалатылган чоң бир үй турат. Ошол үйдүн төбөсүндө жашаган бир сулуу кыз бар. Эгерде сен бизге ошол кызды алып келип берсең, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды сага беребиз, -дешет.

Болгон кайтып келип, карышкырга кароолчулардын айтканын айтып берет. Карышкыр ачууланып:

– Айткан тилди албайсың, аркама мингин! -деп баланы аркасына мингизип жүрүп кетет.

Күнү-түнү жүрүп олтурушуп, жүрүп олтурушуп Болгон менен карышкыр, Көк-Дарыянын жакасына, Көкчө Тоонун арасына келип жетет. Карышкыр Болгонго карап:

– Сен ушул дарыянын жанындагы тоонун этегинде күтүп тургун. Эки жолу барып, эч нерсе алып келе албадың, эми мен өзүм барам, -дейт.

Ошентип кызды алып келүүгө карышкырдын өзү кетет. Карышкыр баягы жерге барса, кароолчулар айткан үй турат. Үйдүн төбөсүнө чыкса, кыз уктап жатыптыр. Эч нерсе сездирбестен кызды сандыгы менен көтөрүп, жерге түшөт дагы Болгонго келет. Карышкыр кыз менен баланы аркасына мингизип, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр турган сарайга келишет. Карышкыр Болгонго:

– Мен азыр кыз болоюн, ээрчитип баргын, -дейт.

Болгон макул болуп, баягы күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр бар жерге келишет. Жолдо келе жатканда карышкыр: «Сен мени таштап, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып кете бергин. Эгерде чайга отур дешсе, отурбагын. Мен силерди кууп жетем», -дейт.

Болгон баягы Карышкыр айткандай кылып, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, алып, кыздын жанына келет.

Бир канча убакыт өткөндөн кийин карышкыр келет. Күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып, куш отурган сарайга келишет.

Ошондо карышкыр:

– Мен азыр күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр бөлоюн, мени минип бар дагы берип, кушту алгын, -дейт.

Болгон баягы карышкыр айткандай күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, алтын канаттуу кушту алып кыздын жанына келет. Андан бир аз өткөндөн кийин Карышкыр жүгөнүн шыпырып, билдирбестен сарайдан чыгат да, кыз менен Болгонго келет.

Экөөнү бир топ жерге узатып келип:

– Мен эми бул жерде каламын, менин айткан сөзүмдү уксаң үйүңө аман барасың. Сага жолдон эки коркунуч кездешет. Биринчиси күн абдан ысык болгондо суусарсың. Баратканда алдыңдан бир өзөн суу жолугат, канчалык суусасаң да суудан ичпегин. Андан өтүп уктагың келет, түбү чөп, салкын, бир ак терек бар, ал актеректин түбүнө уктабагын. Уктасаң соо болбойсуң. Менин ушул эки сөзүмдү аткарсаң, үйүңө аман барасың, -деп акылын айтат. Карышкыр аларды жолго салып коштошуп, өз жайына кетет.

Болгон кыз менен бир күн, бир түн жүргөндөн кийин күн аябай ысык тиет. Болгон аябай суусайт. Ошондо «сууну кайдан из-деп табамын» -деп ойлоп келатканда алдынан өзөн суу агып жатканын көрөт. Болгон атын сугарып, өзү да ичмекчи болот. Бирок, кыз Болгонго суу ичирбей коет. Ал өзөндөн өтүп жүрүп кетишет.

Андан кийин Болгондун суусаганы басылып, чарчап уктагысы келет. Ошентип келе жатканда алдынан бир чоң ак терек кездешет. Болгон ошол теректин түбүнө эс алып жаткысы келет. Кыз каршы болот, бирок кыздын сөзүнө кулак салбай, Болгон атын тушап, жамбаштап жатып, көзү илинип кеткенин билбей калат.

Болгон чочуп ойгонсо, эки көзү жок, үңүрөйгөн орду гана калган. Эки жагын сыласа кызы да, аты да жок. Эмне кылар айласын таппай отуруп калат.

Бир аздан кийин баягы карышкыры келип:

– Менин айткан тилимди албай көзүңдөн айрылдың, -деп бир ууч топурак менен көзүнүн ордун укалап, айыктырып коёт. Болгон окуяны карышкыр угуп мындай дейт:

– Ашыгыңды, кушуңду, атыңды табабыз, кел, аркама мингин – деп баланы аркасына мингизип алып, желмогуз кемпирди издеп жолго чыгат.

Кырлардан, белестерден, ашуулардан, токойлордон, чоң суулардан өтүп, бир кошко кирип келет. Болгондун көзүн ойгон желмогуз кемпирди ошол жерден карышкыр таап берип:

– Кыз менен күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, кушту тапкын же сени азыр жеймин, -деп кемпирди коркутат. Ошондо кемпир калтырап:

– Карышкыр, Карышкыр, менин жанымды калтыргын. Кушту дагы, кызды дагы, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды дагы тиги суунун жакасындагы калың камыштын арасына барсаңар табасыңар, -дейт.

Кемпирди эки бүктөп отко салып өрттөшүп, кемпирдин баласын издеп жөнөшөт.

Бир нече күн жол жүрүп, суунун жакасына барып карашса, асман тиреген бир үй турат. Үйгө киришип, кызды табышат. Кыздан желмогуз кемпирдин баласын сурашат. Ошондо кыз:

– Энесин өлтүргөндү угуп, желмогуз кемпирдин баласы жумуртка болуп кубулуп, алтын куштун астында, камыштын арасындагы уясына кирип коркуп жатып калды, -дейт.

Карышкыр менен Болгон камыштын арасынан уяны таап, алтын куштун алдын аңтарып жумуртканы көрүшөт. Болгон жумуртканы алып, колу менен кыса баштаса, желмогуз кемпирдин баласы:

– Өлтүрө көрбө, коломтодогу күлүң болуп берейин, -деп жалынат.

Анда карышкыр:

– Калп эле жалына бербегин, желмогуз, тукумуна жана элге кайрымы жок, -деп катуу кармап жиберсе, ошол жерде жаны экен, сулап жатып калат. Кушту, кызды, күмүш куйруктуу айгырды алып, андан кийин Карышкыр Болгонду адашпай тургандай кылып жолго салып жиберет. Коштошордо Болгон Карышкырга мындай дейт:

 

Сен мага аябай кайрылышып, жакшылык кылдың. Адашканда жолго салдың, жүр мени менен конок болуп кеткин. Үйдөн эмне кааласаң ошону алгын, -дейт. Бирок, Карышкыр макул болбой:

– Кысылган жерде керек болор, -деп жүнүнөн жулуп, -керек болсом ушунун бир кылын жулуп түтөтсөң, мен даяр боломун, -деп убадасын берет.

Андан кийин кош айтышып, Болгон элине жүрүп, Карышкырда өз жайына кетти.

Ата-энеси баласынын келгенине кубанып, алып келген кызына үйлөндүрүп, элиндеги жаш, карынын бардыгын чакырышып, отуз күн оюн, кырк күн той өткөрөт.

Бир күнү бала аң уулап, куш салып талаада жүрүп, күндүн өткөнүн, кечтин киргенин билбей калат. Караңгыд адашып, жол таба албай жүрсө, бир желмогуз кемпир жолугуп:

– Издегеним сен элең, сиңдимдин баласын өлтүрүп мага кылган кордугуң аз эмес. Мына азыр мен да сага кордукту көрсөтөмүн, -деп тишин шакылдатып, Болгонго умтулат. Болгон атын сабап качып жөнөйт. Нечен кырларды басып, тоолорду ашып, «Эми кутулдум го» деп артын караса, кемпир жетип калыптыр.

Болгон дагы чу коюп жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп астындагы аты жүрбөй эмне кыларын билбей, шаштысы кетип, эси ооп турганда баягы Карышкырдын жүнү эсине түшөт.

Болгон карышкырдын жүнүн күйгүзөт, ошо замат Карышкыр пайда болот. Аңгыча тишин кайрап баягы желмогуз кемпир да жетип келет.

Болгон Карышкырга:

Жанымды жакама келтирип, мени кысып коркуткан ушул, -деп желмогуз кемпирди көрсөтөт.

Карышкыр кемпирди өлтүрүп, Болгонду ажалдан аман алып калат. Болгон Карышкырга алкыш айтып, үйүнө конокко чакырат. Карышкыр конокко барбай, башыңа кыйынчылык иш түшсө чакыр деп, коштошуп жолуна түшөт. Ошентип Брлгон ажалдан кутулуп эли кашында, бак-дөөлөтү башында болуп муратына жетиптир.

АРМАН АЙ

Илгери, илгери бир карыя киши басса-турса эле «арман ай» деп жүрчү экен. Бул карыянын топ бузар курдашы болуптур. Бир күнү ошол курдашы:

– Сен дайыма эле «арман ай» деп жүрөсүң, эмнеге арман кыласың? Бала-чакаң бар, төрт түлүгүң шайма-шай, – деген экен.

Ошондо карыя:

– Менин арманымды уга турган болсоң балдарыма айткын, элди чакырып тамак берсин, арманымды ошондо айтам, – дейт.

Курдашы карыянын айткан сөзүн анын балдарына айтат. Балдары бээ союп, элге тамак берет. Ошондо карыя:

– Мен жашымдан жетим калган элем. Жыйырма жашымдан бир байдын малын кайтарып оокат кылып жүрдүм. Күндөрдүн биринде багып жүргөн койлорума карышкыр тийип, бир тобун кырып кетет. Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт. Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү.

Эл жайлоого көчкөндө бай мени бир төөгө тең кылып артты да, бир келинге жетелетип койду. Мен жүктү улам бир жагына салмагымды салып оодарып коёмун, келин улам оңдоп коюп жүрүп отурду. Ошентип келин аябай убара болду. Көч узап, келин артта калды. Кеч кирип кетти окшойт, келин мени таштап, төөсүн жетелеп кетип калды.

Мен эми: «Жырткычтар жеп кетеби?» – деп аябай коркуп, калтырап жаттым. Бир маалда нөшөрлөп жамгыр жаады, чылгый тери бошоп шалбырады, тарамыштын тигишинен үзүп, териден түн ортосунда чыктым. Карасам, бир үңкүр турат. Ошондо түнөп, эртең менен карасам, аябай жакшы кийинген бир мырза келатат. Аны көрүп кайра үңкүргө кире качтым.

Бир маалда жигит ал үңкүргө келип:

– Үңкүрдөгү адам бери чык! – деди.

– Жылаңачмын, уялып турам, баатыр, – дедим мен.

– Жылаңач болсоң ушул үңкүрдөн чыкпай тургун, мен сага кийим алып келип берем, – деп ал чапкан бойдон кайра кетти.

Күн чыгаарда бир таңгак кийим алып келип берди. Кийимди кийип үңкүрдөн чыксам бир жаш, сулуу жигит турат. Ал:

– Сен эмне болуп жүргөн адамсын? – деп ал-жайымды сурады. Мен төкпөй-чачпай бардыгын айтып бердим. Мени жоргосуна учкаштырып алып, бир байдыкына алып барды да, байга:

– Бул сенин үйүңдө он күн турат, он күндөн кийин алып кетемин, – деп чу коюп жөнөп кетти.

Баягы жигит он күндөн кийин, келип, мени учкаштырып бир жерге алып келди. Келсек, бир кара кашка аттын жанында эки көзү толтура жык толгон бир куржун турат. Ал куржунду экөөлөп атка салдык, анан:

– Атка мин! – деди. Атка миндим.

– Эй, жигит, мен кызмын, кыз «экенимди ата- энемден башка эч ким билбейт. Ушул элге болушмун, элди мен бийлеп, мен башкарамын, менин никемди сага буюрган экен, жүр кеттик элиңе. – деди.

Жүрүп кеттик. «Бул кантип эле кыз болсун, кыз да болуш болуп эл башкармак беле. Эми мунун кыз экенин кантип билемин?» – деп кете бердим.

Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир дарыяга туш келдик. Ушул жигиттин кыз экенин анык билейин деген максат менен:

– Мен ысып кеттим, мына бул дарыяга киринип алалы, – дедим.

Жигит:

– Бул дарыяга түшүүгө болбойт, жылан, жаян көп, ал бизди тартып кетет, – деди. Мен болбой:

– Киринели дей бердим.

– Мейли, мен түшөйүн, сен менден көзүңдү айырбай тургун, эгерде жаян чыкса ат, – деп мага жаасын берип, өзү сууга кирди.

Мен жигиттин кыз экенин анык билип сүйүнгөнүмдөн жаяндын келерин унутуп коюптурмун, кызды жаян тартып кетсе болобу! Ошентип кызымдан ажырадым, ченде жок күйдүм, быштым, бирок колумдан эмне келмекчи, күчүмдү ыйлоого чыгардым. Кыздын куржундагы алтыны жана боз жоргосу менен төрт жагым кыбыла болуп, ушул даражага жетип, кадырлуу болдум.

Азап-тозоктон ажыраткан ошол кыз менен бирге олтуруп чай ичпегениме, бир сырдашып сүйлөшпөгөнүмө армандуумун, бул арманбы, жокпу? Арман, ай! – деп сөзүн аяктады.


УУРУ

Үч жерден үч ууру аттанып, бир жерден үчөө тең кезигишет. Бул уурулар сөзгө келип, бири- бири менен таанышышат. Биринчи ууру:

– Мен жанда жок уурумун- дейт.

Экинчи ууру:

– Мен жанда жок баатырмын- дейт.

Үчүнчү ууру:

– Мен жанда жок ченчимин. Мен отун бар деген жерде отун, суу бар деген жерде суу, эл бар деген жерде – эл бар, кыскасы бар деп айткандарымдын баары бар, баарын караңгы, жарыкта болсун жазбай табам, – дейт.

Ошентип узак жол жүрүшөт. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде ченчи жолдошторуна:

– Менин шакегимди алып атымдын басып кеткен изине көөмп кеткиле, кайта келиште жазбай табам, – дейт.

Баатыр менен ууру баягы шакекти ченчи айткандай жерге көөмп андан ары кетишти.

Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир оокумда баатыр менен ченчи жанда жок ууруга:

– Сен уурулугум ашык дейсиң, эмесе өнөрүңдү көрсөтүп, хандын казнасынан аттын башындай алтын уурдап кел, – дешет.

Бир күнү ууру түн жарымында хандын казынасына кирмек болуп келе жатса, шаардын четинде бир кыз отуруптур. Көрсө, ал хандын кызы экен. Ат башындай алтынды алып бир жигит менен качмак болуптур. Ууру келер замат кыз:

– Жүр, кеттик, – деп атка минип жөнөшөт.

Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп ууру кыз менен баягы баатыр ченчиге келип:

– Ээ, баатырлар, ата казынасы кызбы, же алтынбы?

– Ата казынасы кыз, – деп жооп беришет.

Баягы үчөө кызды ээрчитип жүрүп олтуруп бир жерге келгенде ченчи:

– Ой, баатыр, баягы шакекти менин атым басып калды, ала кой! – дейт.

– Калп айтпасаңчы, атыңдын бутунун астындагы шакекти кантип эле биле койдуң? – дейт.

Ченчи:

– Атыңдан түшүп, батыраак кара, – дейт. Баатыр түшүп, изин караса, шакек жатат.

Баягылар бир жерге келгенде жаан жаайт. Ченчи менен ашкан ууру баатырга:

– Сен баатыр эмессиңби, мүрзөдөгү жыгачтарды алып кел, – дейт.

Ошентип коюп ууру дароо барып жыпжылаңач болуп, баткакка оонап, төбөсү ачык көргө кирип кетет. Баатыр болсо бир бейиттин жанына барып муштагылап жыгачты алып, бир тең отунга жеткирип, бутун үзөңгүгө саларда, ууру кыйкырыкты салып:

– Сен малды айдап, майды чайнап жүрөсүң, биздин үстүбүзгө көлөкө кылган жыгачты да аласыңбы?! – деп жакадан алат.

Ошондо да баатыр кабагым кашым дебей:

– Сен эрте өлүп кудайга бардың, сага теңелип биз да ачка өлөлүбү, – деп ууруну жыга муштап, отунду арта салып жайбаракат кете берет.

Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп кыз үчөө бир айылга келип: «Кимибиздин өнөрүбүз күчтүү» – деп казыга калыстыкка барышты. Ар кимиси өз өнөрүн төкпөй-чачпай айтып берет.

Ошондо казы булардын өнөрлөрүн угуп отуруп:

– Баарыңдан баатырдын өнөрү ашык экен, – деп кызды баатырга берет.

АК БУЛУТТУ АТПАГЫЛА

Түн жаңыдан кирген кезде таенем экөөбүз үйдүн алдында отурганбыз.

Жаркырап тийген айдын аянычтуу жарыгына чагылышып, томуктай болгон апапак булут тоонун боору менен акырын жылып, таенем экөөбүздүн жаныбыздагы булакты көздөй сүйрөлүп келатты. Табияттын мындай сулуу көрүнүшү мага аябай жакчу. Чуркасаң эле жетип барчудай болуп аппак булут бизге өтө жакын келди.

Тиги булутту кармап келейинби, таене?

Шүк отур, чочутасың,дейт таенем да булутту суктана карап, —булактан суу ичкени келген го, жаныбар.

Ой таене, кызыксыз го. Ал деген бууланган эле аба да.

Жок, дейт таенем. Бул булуттардын ыйыгы, күмүш булут экен, эгер сен муну үркүтчү болсоң, табияттын каарына калабыз, деп анан таенем адатынча мага табият жөнүндө жомогун айта баштады.

Илгери кайсы бир замандарда хан ууга чыгыптыр. Уудан келе жатканда ушул булактан суу ичип турган күмүш булутту карап туруп хандын бир жигити:

Ханым, тетиги ак булутту көрдүңүзбү? Муну “күмүш булут” дейт, эгер ким атып түшүрүп жуунса, денеси аппак сулуу болот имиш,деп калат. Муну уккан хан жигитин шылдыңдап күлөт да, бул жигитти “экинчи жалган айтпас кылайын” деп мээлеп туруп булутка жаасын кере тартат. Булуттан шыңгыраган үн чыгат. Таң калган хан чаап жетип барса уча качкан булуттун бир үзүмү жерде жаткан болот. Хан атынан түшүп, кебездей болгон муздак булутту алып, бети, колун жууп көрөт. Өңү капкара кара хан аппак жүздүү болуп, сергип чыга келет. Ушундан баштап хандын ак булутка кызыгып уучулугу башталат. Эми күмүш булутту атып түшүрүшүп, хан сарайынын айымдары сулуулана башташат.

Хан баш болуп жигиттери менен булутту койбой атып тамашага батышат.

Жыл айланбай хан уучулук кылган жерлерге кургакчылык башталат. Хандын жерине булут тургай куштар да конбой калат. Кайберендер баш болуп, жан —жаныбарлар жер которуп ооп кетет. Табияттын куну учуп, эгин болбой, жер саргаят.

Жыл сайын жаз келет, бирок булуттар келбейт, жамгыр жаабайт.

Ошондой күндөрдүн биринде хан ойлуу отурса, үстүнөн каркыралар жаз келген жакка учуп өтө баштайт.

Оо, каркыралар!дейт хан, аларга карап аянычтуу биздин жерге да конуп өтсөңөр боло, бизге да жамгыр жаап, жаз келсин,деп жалбарат.

Ошондо хандын кулагына каркыралар тараптан “ак булутту атпагыла!”, “ак булутту атпагыла!” деген кыйкуулаган үн угулат. Эми хан өз айыбын түшүнүп, ушундан кийин ак булутка аңчылыгын токтотот. Кийинки жылы булуттар көчүп келип, жамгыр төгүп, жер жашарып, мурдагыдай табият көркүнө келет.

Таенемдин жомогунда чындык бардай эле. Анткени кечээ күнү каркыралар кыйкуулап учуп өтүшкөн. Ошондон кийин жамгыр төктү. Көрсө, алар жазды чакырып, ак булуттарды чакырган тура. Эми менин да ак булутту чочуткум келбей, айдын жарыгында ак булутту аяп аянычтуу тиктейм, булуттар болсо булактан суу ичип алып, Айды көздөй жылып баратты.

Купите 3 книги одновременно и выберите четвёртую в подарок!

Чтобы воспользоваться акцией, добавьте нужные книги в корзину. Сделать это можно на странице каждой книги, либо в общем списке:

  1. Нажмите на многоточие
    рядом с книгой
  2. Выберите пункт
    «Добавить в корзину»