3 книги в месяц за 299 

Жети ата. Жан-дүйнө кайрыктарыТекст

Читать фрагмент
Отметить прочитанной
Как читать книгу после покупки
Шрифт:Меньше АаБольше Аа

© Мирлан Бакытович Калдыбаев, 2020

ISBN 978-5-4493-0136-9

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero


Жети ата

Жети ата – кыргыздардагы ата текти билүүгө байланышкан генеалогиялык түшүнүк. Жети атанын элдик генеалогиялык түшүнүк катары кабыл алынышы патриархалдык-көчмөн салтка байланышкан. Жети ата кыргыз коомунда социалдык маанилүү роль ойногон. Салтка ылайык кыргыз коомундагы ар бир адам өзүнүн жети атасын билүүгө тийиш болгон. Жети атасын билбеген адам кул катары кабыл алынган. 19-кылымдын аягында Кыргызстанга келген орус адамы мындай деп жазган: «Бейтааныш адам жөнүндө бир нерсе билүү максатында: „Сенин жети атаң ким болгон“, деп сурашат. Бул суроого абдан так жооп беришке кыргыздын ар бир баласынын кудурети жетет». «Ким өзүнүн жети атасын билбесе, эл безери», деп окутат кыргыздын адеп кодекси. Жети ата өзүнө тиешелүү төмөнкүдөй терминдер менен аталып, элдин аң-сезимине абдан терең сиңген: ата, чоң ата, баба, буба, кубаар, жото, жете. Элдин эсинде сакталып калган «кубаарыңдын куу чокусу, мадериңдин баш териси» (мадер түштүк диалектиде эне), «кудай кылса кубаарыңдын акысы барбы?», «жото-жетесиз кул», «жетеге жетчү кек», «жети атасынан бери жиликтеп сура» деген сыяктуу көөнө түшүнүктөр мындай салттын байыркылыгын ырастайт. Жети атаны сүрүштүрүү салты уруу ичиндеги никелик мамилелерди жөнгө салып, элдин генеалогиялык тазалыгын сактап калуу жана биол. популяциясына, өсүп-өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн. «Ал кезде жети атасын сурап кыз бермек ырасим болгон», деп айтылат. Кыргыздар байыртадан бийик тоо шартында бири биринен обочолонуп жашагандыктан, тукумдун тазалыгын сакташ үчүн нике мамилелерин жөнгө салуу зарыл болгон. Бул адат боюнча жети муун өтмөйүнчө никеге турууга тыюу салынган. Муну илим жети муундук экзогамия деп аташат. Бул отурукташкан элдерден айырмаланып, кыргыздарда никенин жана урпак-тукумду өстүрүүнүн өзүнчө мад-ты иштелип чыккандыгын айгинелейт. Ушундан улам жети атасын сүрүштүрүү салты келип чыккан. Анын баштапкы негиздери урук ичиндеги экзогамиялык талаптарга байланышса, кийин коомдо мыйзам сыяктуу турмуштук кодекске айланган. Анткени, патриархалдык коомдогу уруктун ар бир адамы жети атасын так билгенде гана кайсы урукка таандык экендигин далилдей алган.

Жети атам

 
Ата-бабам багыш аттуу элденбиз.
Кең шаар эски кетмен-төбө жерденбиз.
Байырлап ата-бабам өнгөн жерде.
Суусун ичип аба жутуп келгенбиз.
 
 
Санжыра бар мурас кылган урпака.
Кээси алат аксакалы улуулары сурака.
Билбегенди жетим дешип элимде,
Дегени бар жети атасын булар унутпака.
 
 
Мына бүгүн санжырадан баштадым.
Бул ойдон бул кыялдан кайтпадым.
Жеткирсем деп тең-туш жоролорго,
Жети атамды ыр кырына саптадым.
 
 
Биринчи атам Бакыт менин өз атам.
Сен дегенде ич кайышып жан тартам.
Аман жүргүн күүлү-күчтүү мурдагыдай,
Бир өзүңсүң айдан асыл жан атам.
 
 
Улуу кесип аркалаган тарыхчын?
Билим берди жалпы муунга мунум чын.
Неберемин мугалим Калдыбайга,
Мактана алам баш көтөрө мунум чын.
 
 
Сен үчүнчү сен атамсың Дайрабай.
Куран окуп дуба кылдым багыштай.
Көрбөсөм да билбесем да  өзүңдү.
Ырга салдым ыр мейкинин чабыттай
 
 
Кыбырамын бубам баатыр Бешкемпир.
Теңирим бейишиңде бул адамга кезиктир.
Топурагың торкоо болсун!
Аллахым жабрейилге бул адамды кезиктир.
 
 
Тыбырамын Курман-кожо молдонун.
Ал баскан ислам дини жолдомун.
Лаа иллааха иллаллоху,
Иншаллах мен дагы ушул жолдомун.
 
 
Чүрпөсү мында турат Кожо-Саип.
Дуба кылам мен алакан жайып.
Бейиште орун алып важиб болсун!
Ак сакалы бол жанната Кожо-Саип.
 
 
Жетинчи атам Абуталиб мыкты атам.
Ырым жазып санжыраны таратам.
Жанагындай киргиздерге бул ырды,
Санжыра-деп бүт ааламга таратам.
 

Атама

 
Атаке арман көп сага айта албаган.
Арман көп өзүңө жаза албаган.
Атаганат жаштыгымда кете бердиң.
Сырым көп ичимде айтылбаган.
 
 
Жаңыдан жети жашка толгонумда,
Аң-сезим эми-эми ойгонгонунда,
Кете бердиң азаптарга бизди таштап.
Болоор эле дагы он жыл болгонуңда.
 
 
Декабрьдын орто чендин бир түнүндө,
Кабар келди куттуу биздин үйүбүзгө.
Атаңар оо ааламга узап кетти,
Не азап болду экен бул күнүңүздө.
 
 
Аттигиң кош айтыштым атакемден.
Оо теңирим эмне күнөө ал пендеңен.
Атаке алыстарга узап кеттиң.
Сөздөрүң кайда эле дүйнө кенен деген.
 
 
Сездиң бекен уулуңдун жетилгенин.
Сездиңби бул уулуңдун эмгектерин.
Жазма акын жаралыпмын бул ааламга.
Сездиңби уулуңдун эрезеге жеткенин.
 
 
Оо атаке сезген болсоң сен эгерде,
Кубандыңбы? сүйүндүңбү эмгегиме.
Атаке көргүм келет. сагындым..
Оо аллахым ушул беле бул пендеңе.
 
 
Эмне дейин айтаар сөзүм бул болсун!
Бейиштен орун алып жайың болсун!
Жаткан жериң жайлуу болсун!
Атаке тилегеним сага ушул болсун
 

Өзүм

 
Кээде ыр жазам чындыкты кошуп.
Өткөнүн жазам жашоомдо болуп.
А кээсинде тагдырдан алып коём.
Анча-мынча сөздөрдү мындан кошуп.
 
 
Кээде жазам досторумдун тагдырын.
Башынан өткөн болуп өткөн бардыгын.
Окурмандар ойлобосун таңыркап,
Сүйсө керек-деп бул кыздардын бардыгын.
 
 
Ырлар арбын сүйүү дастан айтылган.
Ачык сөз сүйөм жаным жазылган.
Мен жашоодо сүйөм жалгыз инсанды,
А бул инсан ата-энем алтындан.
 

Талп этип

 
Жүзүң сонун чайга салчуу анык балдай,
Көздөрүң кара кочкул карагаттай.
Кандай адам деги сени жаратты экен.
Бир өзүңөн нур чачырайт шам чырактай.
 
 
Эсиңдеби жолуканбыз кан базардан.
Бактылуумун бул өмүрдө оо жараткан.
Мен ыраактан өзүң менен тиктешем,
Оорум бар, тартынам уялчактык жараттан.
 
 
Сүйүү бекен денем басты калтырак.
Көпкө турдум бул сезимден жабыркап.
Көзүм албай тартыламын өзүңө,
Карагандар бар не болду-деп таңыркап
 
 
Не күч бар бул сезимге кабылткан.
Жүрөгүмдүн соккон добушун угулткан.
Жан-дүйнөмдү башка аалам курчады,
Жер жүзүнө түшкөн сыңар чагылган.
 
 
Араң турдум кулачуудай талп этип.
Күйүккөн чуркап аргымактай энтигип.
Не күч бар айтсаң боло кыйнабай,
Азыр түшөм билип турам талп этип.
 

Арман

 
Эл катары суйгум келет.
Каралдым колдон келбейт.
Анткени эркектик кыла албайм,
Ой-туюм бирдей сезбейт.
 
 
Төрт жыл мурун илгери,
Ат туяктын тебенеги.
Келип бир тийген.
Алсызмын ошондон бери.
 
 
Мен дагы суйгум келет.
Жетелеше баскым келет.
А бирок алсызмын.
Тушунгун ушул себеп.
 
 
Каламбы жалгыз түбөлүк.
Жүрөмүн эптеп сүйрөлүп.
Ойлонуп ойго жетпедим.
Кыйнады күндөр жүдөтүп.
 
 
Жете албай ойдун түбүнө,
Коно албай турмуш түнөөгө.
Тагдырдын берген сыноосун.
Түркүрдүм ушул өмүрдө
 
 
Жаштарды көрүп суктанам,
Теңирден жалынып суранам.
Кайтарып берсе өткөндү,
Башка эмес мен ушуну суранам.
 
Бесплатный фрагмент закончился. Хотите читать дальше?
Купите 3 книги одновременно и выберите четвёртую в подарок!

Чтобы воспользоваться акцией, добавьте нужные книги в корзину. Сделать это можно на странице каждой книги, либо в общем списке:

  1. Нажмите на многоточие
    рядом с книгой
  2. Выберите пункт
    «Добавить в корзину»