Бесплатно

Адамдын Асыл ойлору

Текст
iOSAndroidWindows Phone
Куда отправить ссылку на приложение?
Не закрывайте это окно, пока не введёте код в мобильном устройстве
ПовторитьСсылка отправлена
Отметить прочитанной
Адамдын Асыл ойлору
Шрифт:Меньше АаБольше Аа

Кириш сөз

Автор көп жылдан бери ушул китептин үстүндө тынбай эмгектенип келген.

Албетте учкул сөз, асыл ойлор адам баласы жаралгандан бери эле пайда болуп, айтылып окулуп келе жатат. Аларды улуу пайгамбар, кеменгерлер, акылмандар, эл жетекчилери жаратып келген.

Ыйык китептер «Тоорат», «Забур», «Инжил», «Куран» жана Мухаммед пайгамбардын осуяттары учкул сөз эмей эмне? Алиги Сулайман пайгамбардын «Накыл сөздөр», «Насаатчы китеби», касиеттүү ыйык китептерден.

Алар зыркы күндө да, келечекте да эч убакта таасирин жоготпой турган, колдон түшпөс улуу китеп экенин баардык кылымдын ойчулдары жазып, жана айтып келе жатат. Бул өлбөс-өчпөс улуу китептин кээ бир касиеттүү сөздөрүн улуу жазуучулар өз китептерине баш сөз кылып алышкан. Ушул китептер жарык дүйнөгө кандай жаралды деп ойчулдар тамшанып, баш катырышат.

Ал эми Будда, Талмуд, Кытай элинин улуу ойчулдары Лао-Цзынын, Конфуцийдин, Индиянын ченемсиз улуу уулу Дж. Кришнамуртинин, Будданын, Дхаммпада өтө ыйык касиеттүү осуят сөздөрү эмне деген кенч жана керемет. Бул чыгармаларын улуу ойчулдар ондогон жылдары жазып келишкен экен. Кыскасы бул китептерди окуган адамдардын жан дүйнөсү тазарып, бийик Көкө Теңирге жете түшөт. Ойчулдуктун ыйык касиетин ушул чыгармалар аркылуу алышып жана чагылдырышкан.

Бул китептер адамга жан дүйнөнүн рухун берип, алардын ички кереметин көөнөргүз кылып азыктандырат. Кээ бир өлкөлөр ааламда кайсы китеп улуу жана кайсы адам улуу деген сынакты өткөрөт экен. Ощондо касиеттүү «Куран» китеби ар дайыма биринчи оорунду ээлеп келген. Ал эми ааламда биринчи адамдын аты ким десе? Хасирети Мугаммед Пайгамбардын аты аталат. Ушундан эле билүүгө болот, Касиеттүү «Куран» китеби адамга азык болуучу акылман сөздөрдөн турганын баамдайбыз. Хазирети Мухаммед Пайгамбардын хадистери эмне деген керемет кенч. Аны тамшанып кайра-кайра окуй бергиң келет. Тарыхта далай улуу китеп деген чыгармалар мезгили келгенде жок болуп ушул китептер гана калбадыбы.

К. Абакировдун китебинде ошол чыгармалардын шапатасы уруп турат. Бирок автор алардын таасирине жетеленип калган эмес. Кой маарап, жылкылар кошкуруп, атчан келаткан малчылардын кобур-собур үндөрү чыгып, кадимки кыргыз турмушунун элесин чагылып, байыркы бабалардын өчпөс үндөрү угулуп турат. Бул чыгарма касиеттүү кыргыз топурагында жаралган. Албетте, бул китепти жаратуу үчүн автор көп эле түйшүккө батты. Кайра-кайра оңдоп, карап чыкты.

Ушул китеп мындан мурун окуучулардын терең катмарына сунушталып, айрым жылуу пикирлер айтылды. Автор чыгармасын дагы бир сыйра карап чыгып сыдыргыдан өткөрдү. Мындай китепти жаратуу өтө оор кээ бир ойлор улам-улам кайра кайталанып калышы ыктымал. Же, айрым ойлор башка ойчулдардын ойлоруна окшошуп калышы мүмкүн. Асыл ойлордун баардыгы эле элде айтылган ойлор, бирок аны автор кагазга түшүрүп, башкача иштеп чыгып, окуучуларга тартуулап жатпайбы. Бул ойду кытайдын улуу акылманы Конфуций да айтып чыкпадыбы.

Негизи акылдуу болуш үчүн он китепти окуп чыгуу жетишерлик, ал эми бир китепти жазыш үчүн миңдеген калың-калың китепти окуп, башкача жаңы ой жүгүртүү керек дегендей. Эми учкул сөздү же жалпы эле китепти окуунун өзүнчө эоежеси бар сыяктанат. Окуучу китепти жөн эле окуп койбостон, анын кереметин жан дүйнөсүнө сиңирип алып, аны түгөнбөс рух кылып, турмушунда пайдаланыш керек. Ошондо китепти окуунун көркү чыгат.

Кыргыз элинде көрүнүктүү жетекчилер чыккан алардын эмгеги элибиз үчүн чоң үлгү жана түгөнбөс рух. Улуу өлкө жетекчиси И. Раззаковду ким билбейт. Анын учурунда өлкөбүз өнүгүп- өсүүнүн чоң деңгелине жетти. Анын бир кереметтүү учкул улуу сөзү бар «Сен таза болсоң, мен таза болсом коом таза болот». Ушул сөздү биздин кийинки жетекчилер эсине салганда мындай армандуу окуялар болбойт эле го. Кээ бир бийликтегилер дүйнөлүк улуу чыгарма, океандай кенен, ырдын генийи «Манас» китебин жана дүйнөлүк улуу жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармасын окуган эмес экен. Ошол үчүн аларда Ата Мекендин улуулугун билбей, ар кандай ыплас нерселерге тебелене дуушар болуп, уяты чыгып жатпайбы. Улуу китептин бар экенин билбей калуу канчалык арман. Аларды эч ким оку деп кыйнабайт, алардын жан дүйнөсүндө Мекенди сүйүү руху такыр ачылбай калып жатпайбы? Жана элдин алдында оокат, байлыктын кулу болуп, элди унутуп мүлк чогултканга кирбедиби. Элге бата албай чет жакта жашап жатпайбы.

Автор бул китептин атын бир канча жолу өзгөрттү. Ал көп жылдары педагог болуп иштегендиктен « Педагогдун асыл ойлору» деп атады. Андан кийин «Адамдын асыл ойлору» леген ат берилди.

Эми биз айрым учкул сөздөргө токтоло кетели. « Акыл алтындан артык, бирок алтын табылгыс байлык», Бул учкул сөз эмне жөнүндө түшүнүк берет. Албетте акыл деген акыл. Адам акылы менен эмгектенип алтынды табат. Чындыгында акыл баардык кезле алтындан артык болуп келген. Акылы менен адам алтын табат, анан ал байлыкка карай аттанат. Дагы бир учкул сөзгө токтололу «Чындыктын жүзүнөн эл үчүн иштеген кишинин өңү көрүнөт, а жетекчинин жүзүнөн чыныгы турмуштун өзү көрүнөт». Бул жерде жетекчи жана чындык жөнүндө сөз болуп жатат. Жетекчи чындыктан тайса, ал жетекчи эмес, жөн эле бир сөлөкөт. Бул жерде бул учкул сөз жөнүндө көп мисал келтерсе болоор эле биз аны токтотолу. Бирок учкул сөздө философиялык ой жана көркөмдүк бпрбы? Алар жок болсо, чыгарма, чыныгы чыгарма болбой калат. Бул жерде «Көрүнөт» деген сөз эки жолу кайталанып жатат. Учкул сөздүн көркөмдүгү кетип кемип кадган жокпу? Жок. Кайра сөздөр чынжыр менен байланышып, өзүнчө көркөмдүктү түзүп, кулакка уккулуктуу болуп тургансыйт. Мындай кайталанма көркөмдүк « Инжилде», же, «Алтын китепте» кездешет. Автор ошол китепти терең окуган окшойт. Биз адабий сынчы эмеспиз, жөн эле китеп сүйүүчү окурманбыз. Сынды адабий сынчылар, адабиятчылар, учкул сөздү изилдөөчүлөр берсе, дурус болоор эле.

Биз эми кыскачалап, айтаар кебибизди айттык окшойт. Эми калган тыянакты ардактуу окурманыбыз өзү чыгарсын.

Бул чыгарма окурмандардын колуна тийип, окуган адамды толкундатып, алардын жандүйнөсүн кеңейтсе, биз терең ыраазы болот элек.

Кайсын Кадыров.

Юридика илимдеринин кандидаты

АСЫЛ ОЙЛОР

Акыл алтындан артык, бирок алтын табылгыс байлык.

* * *

Адамга акыл да, алтын да керек. Акыл кантип алтын тапканга жол ачат. Бирок алтыны бар адам байлыкка карай аттанат.

* * *

Бал менен уунун айырмасы асман менен жердей. Бал сөз акылмандын оозунан чыккан жылуу сөз. Уу наадандын оозунан чыккан ачуу сөз.

* * *

Ачылышка алып баруучу жол, жан дүйнөдөгү тубаса шык жана талбас эмгек.

* * *

Күйгөн отко үшүгөн адам жылынат, жакшы сөзгө кайгырган адам жылынат, акылман хандын ишине баардык эл жылынат.

* * *

Тынчтыктын энеси – түн, эмгектин энеси – күн. Өмүрдүн уланышы күн менен түн.

* * *

Асманда тийип турган күн жалгыз, созулуп жаткан жол жалгыз, сапардагы жолоочу жалгыз, кыскасы баары эле жалгыз.

* * *

Жашоо – күрөш, бийиктикке умтулуунун, негиси – ошол.

* * *

Мезгил келгенде байлык да жок болот. Бирок байлыкты түзгөн акыл эч убакта жок болбойт.

* * *

Кооз калдыркан жай айын кооздойт, сенин үлгүлүү жашооң, сенин өмүрүңдү кооздойт.

* * *

Акылмандын баарыбызга берген кеңеши баарыбыз үчүн түгөнгүс байлык. Ал баарынан артык.

* * *

Ылдыйдан жогору жак өйдө, жамандан жакшы өйдө, өлүмдөн өмүр өйдө, бузгандан кураган өйдө.

* * *

Жолго чыгаарда аба ырайын байка, аба ырайынан да минген атыңын кайратын байка, атыңан да жаныңда бараткан жолдошуңду байка.

* * *

Бийликтин башталышы жана аягы болот. Бийлик ченелген нерсе, ал эми чыныгы таланттын башталышы болот, бирок аягы болбойт. Ал ченемсиз нерсе. Ошол үчүн – ыйык.

* * *

Поэзия – деген сөздүн өзү эле керемет. Бирок ар бир жаралган нерсенин атына жараша заты да болгону керемет.

* * *

Эне деген сөз – чоң аалам. Ал эми ар бир эне өз баласына аалам. Ал эми баардык балага эне болгон ал өзүнчө бир чоң материк.

* * *

Баардык эле сууда, балык болбойт. Баардык жазылган чыгармада жүрөктүн кагышы деле болбойт.

* * *

Ой толкун сыяктуу буркан-шаркан түшкөн элес. Ал ошонусу менен улуу жана кайраттуу.

* * *

Өмүрдү текке кетирбей туура пайдалануу бул да улуу жетишкендиктин бир түрү.

* * *

Ден-соолукта болуп, узак жашоо бул да өнөргө барабар нерсе.

* * *

Сокурду көрбөйт дебе, дүлөйдү укпайт дебе, дудукту сүйлөбөйт дебе. Алардын ар биринин кулагы, тили, көзү болот. Демек алар угат, көрөт жана сүйлөйт.

* * *

Ай жолоочуга кара жолду көрсөтөт. Кара жол жолоочунун барчу тарабын көрсөтөт.

* * *

Унутулуп бараткан күндөрдү эстегиле! Көзү өтүп кеткен адамдарды эстегиле! Бири-бириңерге кылган жакшылыкты да унутпай эстегиле! Антпесеңер жашоонун такыр кайрымы болбой баратат.

* * *

Бийликке жагынып, элге чыккынчылык кылган адам, Ата-Мекенге деле чыккынчылык кылган адам

* * *

«Генийге кара күчүң менен жетем дебе, ага акыл-эс, эмгек, талант кудуретиң менен жетем» – деген артык..

* * *

Гений деле сен сыяктуу энеден төрөлүп, атанын тарбиясында өскөн, башкаларданэч айырмасы болгон эмес.

* * *

Бийликте мындан мурун деле жагынуучулук болгон, мындан кийин деле боло берет. Анткени жагынуучулук менен өскөн адамдар толтура.

* * *

Бир киши өлөөрүндө: «Ушундай дүйнөдөн өтөөрүмү билсем, көп нерсени бүткөрмөкмүн, азыр кеч болуп калды» – деп арманын айтыптыр.

* * *

Оозуңан чыгып кеткен сөз ок, ал ок кайра кайрылып, өзүңө тийиши ыктыммал.

* * *

Көзү ачылбаган билимсиздик, бул жакшы жорук эмес, – ал кайгылуу арман.

* * *

 

Карыган ата-энеңин сага берген акылман кеңеши ал сага калтырган асыл мурас.

* * *

Жакшы тарбиядан баардык асыл нерселер башталат, жана тарбия жоголбой турган ыйык өнөр.

* * *

Улгайган адамдар: «Өмүрүмдө эмне эмгек кылдым, артымда эмне эмгегим калат?» – деп тынчсызданат алар өлүм жөнүндө ойлонгон адамдар.

* * *

Кээ бир адамдар башкалардан дайыма жаманчылык издеп турат, ал жакшы сапат эмес. Ал армандуу кайгы.

* * *

Талант бийик тепкичке чыгайын дейт, бирок өмүр кыска, чаркы чамалуу.

* * *

Жалкоонун сүйгөн кесиби уйку, андан башка кесипке көнгөн эмес.

* * *

Акын калеми менен, соодагер акчасы менен, жолочу жолу менен. Демек баардыгы өз жолу менен.

* * *

Элдин тагдыры – баатыр да, баатырдын тагдыры – элде.

Алар бири-бирине, тагдырлаш-энчилеш.

* * *

Ар бир адамдын өзүнө ишеничтүү бир эле дарыгери

болот ал – өзү.

* * *

Ар кандай кубанаарлык иштер, терең ой жүгүртүүдөн башталат.

* * *

Жаңгактын мөмөсү ичинде, кабыгы сыртында, кабык сөзсүз мөмөнү сактайт.

* * *

Акылга-үмүт таяныч, доско-дос таяныч, талант-эмгекке таяныч, өлбөстүк өмүргө таяныч. Жакшыга-жакшы таяныч.

* * *

Үй-бүлө тынч болсо, үй тынч, коңшулар тынч болсо, көчө тынч, үй да, көчө да, тынч болсо, анда биз үчүн аалам тынч.

* * *

Атасынан баласы акылдуу болуш керек, анткени ал – кийинки муун.

* * *

Кооздук бул – терең ой жүгүртүүдөн башталган.

* * *

Кубанычтын өңү жашыл, жаздын өзү жашыл, жашаргандын баары жашыл.

* * *

Бир жолдо келаткан үч жолоочунун үч жолу бар, ошондой эле үч жолочунун үч тагдыры бар.

* * *

Падыша же жөнөкөй адам үчүн адилеттик – бирөө, экөөнө эки башка адилеттик жок. Анткени күн бирөө. Жана дагы ар бир адам үчүн өмүр бирөө.

* * *

Бүткөн иштердин көбү бара-бара унутулат. Эл баспай калган жол унутулат. Өлгөндүн изи унутулат.

* * *

Бийиктик бат эле жете койчу тепкич эмес, адам ойлогон ой, түрүп алчу жип эмес, таалай усталар жасаган сандык эмес.

* * *

Максатына жетпей калган адамдар ойлонуу менен таңды атырат, ойлонуу менен күндү батырат. Бирок ошонун өзүндө ийгилик болобу?

* * *

Күндүн артынан түн келет. Түндүн артынан күн келет. Баары эле кайта келет. Бирок өмүр өткөн сайын жашоо сага башкача болуп келет.

* * *

Бир чымындын өлүмү адам үчүн кадимки эле көрүнүш.

Бирок чымын үчүн орду толбос оор жоготуу болгон.

* * *

Жек көрүүдөн жамандык төрөлөт. Башка эч нерсе төрөлгөн эмес.

* * *

Асмандагы күн -бирөө, жалгыз сапар келаткан жолочу- бирөө, жалгыздык өзү деле -бирөө.

* * *

Ач көздүн жан дүйнөсү тар болгон менен аны карап турган аалам ошончолук чексиз кенен эле болгон.

* * *

Ар бир адам ден-соолугун мыкты күтсө болот, аны күтүү өзүнчө бир чоң чеберчилик.

* * *

Чындыкты жалгандан айырмалаш үчүн көсөм акыл керек болгон.

* * *

Өлүм төрөлүүдөн коркот. Өмүр, өлүмдөн эч убакта коркпойт. Ал чындыкка моюн сунат.

* * *

Элсиз ээн жымжырт жаткан жерге ар бир түндө айдын чыкканы чоң кубаныч, айдын шооласынан төгүлгөн нур чоң майрам.

* * *

Ар кандай адамдын тынчын алган кыйкырык үндөр

айлананын жымжырттыгын жутат.

* * *

Тереңди-терең, жапызды-жапыз, бийикти-бийик дейбиз. Ошол сапатынан алар бири-биринен толук айырмаланат.

* * *

Талант адамды издебейт. Адам талантты издеш үчүн жаралган.

* * *

Ийгиликке жеткен адам жеңилденет, ашуу ашып түшкөн адам жеңилденет. Ооруп айыккан пенде жеңилденет.

* * *

Асманды сызып бараткан күн өз жолу менен күндү карап жол бараткан жүргүнчү өз жолу менен кыскасы, баары өз жолу менен.

* * *

Сүйлөөчү сөз болот, сүйлөбөй турган сөз болот. Сүйлөбөй турган сөздү сүйлөп ийген адам уят болот.

* * *

Жашоо чындыгы, турмуш чындыгына жол ачат.

* * *

Өлбөс поэзияны өлбөс улуу акындар жаратыш керек болгон. Ал үчүн чексиз өлбөс эмгек, сүйүү керек болгон.

* * *

Кереги жок буюмдан керектүү буюмдар жаралат.

Ошол үчүн жашоонун кайрымы бар.

* * *

Өткөн өмүрдүн элүүдөн бири гана кайрылган. Ошондуктан өмүр сүрүү өкүнүч.

* * *

Өмүр бир кайрык, эмес миң кайрык. Ошондуктан жашоо бизге сырдуу жана табышмактуу кубулуш.

* * *

Эч убакта түн ичинде карга каркылдабайт. Каргадай болуп жаманчылык каркылдайт.

* * *

Ыр учуп жүргөн куш, саяпчы аны кармайын деген- акын.

* * *

Аары тикендерге денесин сайгылатып, азап менен бал чогулткан сыяктуу, акын дагы толгон тозок менен ыр жыйнайт. Балды адамдар тамак сыяктуу жеп алышса, ал эми ырды адамдар окуп кылымдар бою ырахат чогултат.

* * *

Жакшы кабарды чабандес алып келе жатат, кабар менен кошо адамдардын жүрөгүнө кубаныч кошо келе жатат.

* * *

Тарбиялоодо ата насаат айтуучу, бала угуучу. Экөөнүн көздөгөнү бир жерден чыгышы керек.

* * *

Куш жемди күтөт, адам жакшылыкты күтөт, ал эми айыкпас оорулуу адам эмнени күтөт?

* * *

Жүрөгү таза адамдар чындыкты-жалганга, караны-акка, эч убакта аралаштырбайт. Аны жомоктогу терс каармандар аралаштырат.

* * *

Биз кимди колдосок, алар бизди колдойт. Бир-бирибизге куш кабар жетип турат.

* * *

Ар бир очоктун ээси эне болот. Очок эне аман болсо, үй-бүлө бактылуу болуп, анын айланасында балдар бапырап ойноп жакшы маал болот.

* * *

Мен өзүмө керекмин жана да үй – бүлөмө керекмин, кимге пайдам тийсе, ошого керекмин.

* * *

Өмүр кыска, мезгил да кыска, баары кыска, а жашоодо эмне узак?

* * *

Жан дүйнөсү начар руху өтө төмөн адамдан жакшылыкты деле күткөн эмеспиз.

* * *

Талаада жалгыз даракка аяныч, уяда жалгыз жумурткага аяныч, сапарга аттанган жалгыз туякка аяныч.

* * *

Эч бир жазуучу бу дүйнөдө жок нерсени жазбайт, баары эле баягы болгон нерсени көркөмдөп, акылман терең ой менен жазган. Бирок таланты жоктор деле китеп жазган.

* * *

Ал өз жолу менен кетти. Мен да өз жолум менен кеттим. Баары эле өз жолу менен кетти. Өз жолун таппай жүргөн адамдар эмнеге адашат?

* * *

Мен жол менен басып баратам. Менин айланамда мезгил да токтобой өтүп баратат. Мезгил менен кошо өмүрүбүз кайда шашып баратат?

* * *

Бир жазуучунун чыгармасын окуп көрсөм жазгандары мен жазып жиберчүдөй оңой нерсе болуп көрүнөт, а биз эмне үчүн ошол оңой нерсени мурун жазган жокпуз. Бирок ошол жөнөкөй чыгармада өтө татаал мээнеттин жолу көрүнөт. Андан мурдараак биз издеп жүргөн таланттын өзү көрүнөт.

* * *

Экөө бар, экөөнүн биринде жок, биринде бар. Жогунда жакырчылык, беркисинде байлык болгон.

* * *

Кубаныч, сүйүүбүздү элибиз мекенибизге берели. Ансыз биз бактылуу болбойт экенбиз. Кубанычын, сүйүүсүн элине бербеген жетекчилер элинин байлыгын уурдап алып, ыйык журттан качып жоголгон. Эли үчүн алардын караан- элеси эчак безип жоголгон.

* * *

Жаздын таңы атты. Бизди эмгек чакырат. Эми сонун күндөр биздин алдыбызда жатат.

* * *

Адамдын өмүрүндөгө көөнөрбөс түшүм, өткөн жана алдыңкы күндөгү эмгеги аркылуу келет.

* * *

Күзгүдөн көрүнгөндүн баардыгы чындык. Анын элеси бурмаланбай даана көрүнүп турганы да чындык.

* * *

Оор заманда шаарыбызда иш таба албаган эч жерге кереги жок адамдар көбөйдү. Айрымдары жашоонун кордугун көрүп, өзүн-өзү жок кылып жатты. Анткени биздин өлкөнү башкарган адам элди жетектей албаган адам эле. Керексиз жетекчи болгон жерде, керексиз адамдар туш -туштан агылып чыга бериши көнүмүш окуя болгон.

* * *

Пенденин көзү өткөндөн кийин жаман сапаттары унутулуп, жакшы жактары калкылдап чыга келет. Өмүрүбүз ошол жагы менен бактылуу жана унутулгус.

* * *

Күзүндө куштар үн салып учуп баратат. Бул үн

коштошуу элесин өзү менен алып баратат. Бизге да коштошуунун күкүмүн таштап баратат.

* * *

Мен эмнени сепсем ошону эгип алам, жаманчылыктын үрөнүн сепсем жаманчылыкты алам, жакшылыктын үрөнүн чачсам жакшылыкты алам.

* * *

Бизге бат өткөн убакыт да керек, жай өткөн убакыт да керек, ошол өткөн убакытта эмне жумушту иштеп чыктык, баарынан ошол керек.

* * *

Күн кечтеп баратат, мезгил өтүп, өмүрүбүз карып баратат?

* * *

Бийлигиң аяктоочу нерсе, мезгил өтүп кетүүчү нерсе, демек баары унутулуп же артта калуучу нерсе. Демек баардыгы армандуу нерсе.

* * *

Кышында жаз бизге өтө алыстай сезилет, бирок аны мезгил бат эле айдап келет. Бизге кубаныч өтө алыстай сезилет, аны деле мезгил өзүбүзлө ылдам эле айдап келет.

* * *

Кеменгерликтин артынан кеменгерлик жаралат.

Акылмандуулуктун артынан акылмандуулук жаралат. Улуулуктун артынан улуулук жаралат. Алардын элге, журтка берилген өлбөс ыйык сыры эле ошол болгон.

* * *

Сенин жылмайганыңан сүйүүнүн өңүн көрөм, ак куунун сүзгөнүнөн сулуулуктун көрөм, май айында торгойдун сайраганынан алтын жазды көрөм, бырыш баскан өңүнөн карылыктын жүзүн көрөм.

* * *

Начар адам кудайды оозанып калса, анын оюна бир жакшылык жышаанасы жылып келген.

* * *

Мүнөзү жумшак жагымдуу ургаачы адамдардын эсине далайга сакталат, аны менен бирге жакшылык сакталат.

* * *

Начар уулдун жаман жоругу жакшы ата-эненин чачын агартат. Ошол ак чачтардын арасында баласы жараткан арман жатат.

* * *

Көкүрөгүңдө умтулуу токтогон күнү жашоонун кызыгы бүдөмүк тарта баштайт.

* * *

Астрономдор асмандагы жылдыздарды жоктоп жана түгөлдөп турган сыяктуу, адамдар өздөрүнүн бош кетирген өмүрүн жоктоп жана түгөлдөп жатат. Антпесе, көп учуру текке кетип, убакыт такталбай калганы жатат.

* * *

Ааламда күндө жаңы-жаңы ачылыштар болуп турат. Ал ачылыштарды көрүп адам баласы жакшы жашоого умтулуп турат.

* * *

Кичинекей кызым мени туурап жазуучу болом деп, жомок жаза баштады. Анын балалык күнүнөн эле кереметтүү жомок төгүлө баштаган.

* * *

Адамга уйку да керек, эмгек да керек, уйку жокто таң атпайт, эмгексиз өмүрдү кубаныч аралабайт.

* * *

Бир күн кымбатпы, же бир ай кымбатпы? Бир күндө сонун иш бүткөрсөк ошол кымбат-унутулгус убакыт. Бир айда эч нерсе бүткөрбөсөк ал кымбат эмес, унутулган убакыт.

* * *

Улуу адамдар күндөлүк жазышкан. Менимче ар бир адам өткөн өмүрү жөнүндө эс акылында күндөлүк жазып жүрүп отурат. Анын көптөрү унутулса, кээ бири эсте калат. Адамдын эсинде бир капалуу, бир бактылуу күндөр эсинде калат.

* * *

Уулу каза болгон аялдын чачы аппак, кантип байлык топтойм деген бай соодагердин чачы аппак, улуу бийик тоонун башындагы кар аппак.

* * *

Ишке ашпаган жетекчинин сөзүн угууга караганда саздагы бакалардын чардаган үнүн тыңшоо түбөлүк бактылуу кубулуш.

* * *

Көп таланттар тирүүсүндө сөзгө илинбей өлгөндөн кийин гана бааланат. Демек, чыныгы талант унутулбайт, ал унутулгус керемет.

* * *

Жакшы адамды төрт сапатынан: токтоолугунан, жөнөкөйлүгүнөн, эмгекчилдигинен жана боорукерлигинен билсе болот. Ушул төрт сапат жүрөгүңдө болсо, аны жакшы адам деп эсептөөгө болот.

* * *

Жаман адам «жарма бер»– дейт, Арамза адам «арак бер»– дейт,

Байкуш адам «баарын бер» -дейт.

* * *

Кылым өтсө чириген үй кулайт, эскирген бийлик чирик үйдөй кулайт, ушинтип экөө тең кулайт.

* * *

Пайгамбарлар улуу китептерди жазышкан, алар колдон түшпөй окулат. Ал эми акын, жазуучу жана ойчулдардын жазган китептери да, колдон түшпөй окулат. Адамга эмне керек болсо ошонун баары колдон түшпөй окулат.

* * *

Пенденин кыйкырыгын аска-зоолор коштоп кеткен сыяктуу, баатырдын эрдигин адамдар эскерип турбаса, унутулуп калган күн болотЭли үчүн жасалган эрдик унутулса, элге эле уят болот.

* * *

Катаал заманда элдин башына журт башкара албаган пенде келсе, калайыкка эле кыйын болот. Ошол тиранга ким каршы чыкса, ал чоң баатырдык жасаганга тете болот.

* * *

Бири-бирине кереги бар адамдар жолугат. Бири-бирине кереги жок адамдар бетме-бет кандайча жолугат?

* * *

Алыс кеткен жолоочунун качан келээри түшүнүксүз, бош кеткен өмүрдүн өзү түшүнүксүз, биз билбеген нерсенин баары түшүнүксүз.

 

* * *

Акылмандын айткан кеби түшүнүктүү, эл үчүн берилген жетекчинин иши түшүнүктүү, эмгекчил адамдын келечеги түшүнүктүү.

* * *

Майданга узагандардын кээ бири кайра келбейт, убакыт мезгил өтсө кайра келет, бирок өткөн өмүрүбүз кайра келбейт, жүздүн ону кайра келбейт, маркумду узаткандар кайра келет, маркумдун өзү кайра келбейт.

* * *

Жайында атчан кетип бараткан жалгыз жолочуну жолдошу жок деп айтпагыла, жүрөктө жанган үмүтү–бир, асманда тийген күнү–эки, айланасында улам-улам согуп жаткан учкаяк салкын жели–үч, астында созулуп жаткан кашка жолу–төрт. Демек, ал жолоочу төрт жолдошу менен сапар кетип баратат.

* * *

Койлорго кол салган карышкыр койчуга айтып келген эмес. Карышкыр сыяктуу өлүм-өмүргө кабар айтып келген эмес.

* * *

Эркиндик болгон жерде жашоо, эмгек, өсүү бар, бир гана артка кетенчиктеген иштер жок.

* * *

Көпчүлүк күткөн үмүт аткарылбаса, ал жамаат үчүн аяныч.

* * *

Көз, сезими, жүрөгү курч кыраандар алысты көрөт. Андай сапаты жоктор эмнени көрөт?

* * *

Мага карылык келатканын башымдагы ак чачтарыман көрсөм болот. Өмүрдүн бүтүшүнө канча жыл, канча күн, канча убакыт калганын кайдан барып көрө алам?

* * *

Убакыт келгенде мээримдүү, жакшы адамдарга жолугабыз, жакшы ыр жазган акынга жолугабыз. Алдыда келаткан мээримдүү күндөргө жолугабыз. Аягында жаадыраган жазга жолугабыз.

* * *

Күндүз жетпеген нерсеге түн ичинде жетебиз, өңүбүздө жетпеген нерсеге түшүбүздө жетебиз.

* * *

Эрди-катындын бири-бирине таза болгону эле жакшы. Тазалыктан дилдин тазарганы жакшы. Дил таза болсо, жашоо таза, баары жакшы.

* * *

Жаш чагыбызда өмүр эки жолу берилбей, бир эле жолу берилээрин байкаган эмеспиз. Эгер эки жолу берилсе,

кемчилигибизди оңдоп, мынчалык аянычка чөкмөк эмеспиз.

* * *

Ар бир пенденин жарыгы өзүнө жетет. Жетпесе башкалардан жарык алат. Адам – адам үчүн жашайт деген кеп ошол. Анткени адам бири-бирине керек.

* * *

Чыгармаларым – менин балдарым. Кудайга тобо! Алар жок мага кандай көңүлсүз болоор эле. Кудайга тобо! Аз болсо да, эмгегим бар экен деп, кубанып калам. Кудайга тобо! Адам деген түзүүчү тура, ошол түзгөндөрүм менен көңүлүм эргип, жашоом алдыга умтулат. Кудайга тобо!

* * *

Таланттуу адам оң жагына – өжөрлүктү, сол жагына – эмгекти, жана жүрөгүнө кайратты жоготпой алып келатат жолочу.

* * *

Кечээ күнкү окуя бизден алыстап кеткен окуя, бүгүнкүбүз болуп жаткан окуя, алдыңкы күндөрүбүз боло турган окуя. Демек биз үч окуянын аралыгында жашап келе жатабыз.

* * *

Акылмандын сөзү улуу, анын үлгү көрсөткөн жүрүм-туруму улуу. Демек, бул турмушта бардык жакшы нерселер улуу.

* * *

Адамдар колу менен техниканы, китепти, жаңы ачылыштарды жаратат. Жаралган буюмдар эскирип, адамдар жаңысын жаратат. Аларды жасаган адамдар да жок болот. Бирок алардын ачылыш жасаганы жөнүндө жазылган жаңылыктары кылымдан-кылымга эскирбей оордунда кала берген болот.

* * *

Уруп, согууну, зордуктоону бактысыз адамдар жаратат. Алар ошол жагымсыз кылыгы менен көп пенделерди өзү сыяктуу бактысыздардын катарына кошуп жатат, же бактысыз адамдар бактысыздыкты жаратат.

* * *

Деңиз үстүндө пайгамбарлар кайык айдап баратса, улуу эмгекчил адамдар ага жетели деп чабак уруп баратат. Жээкте аларды эл карап турат.

* * *

Осуятта айтылган пайгамбарлардын болгону да чын. Жер каймактап, жаралгандан бери пайгамбарлар элди, чындыкка, бакытка үндөп келатканы дагы чын.

* * *

Журт самаган адилеттүүлүк болгон. Ошол адилеттүүлүктү элге жеткирген жетекчи болгон. Береги адилеттүүлүктүн шарапатына жыргап өнүгүп өскөн эл болгон.

* * *

Сен чындык, акыйкат тарапта экенсиң. Анда кудай өзүң жакта, кудай сен жакта болсо, жеңиш өзүң жакта.

* * *

Чындык -чындыкты төрөйт, жалган – жалганды төрөйт. Экөөнүн балдары аралашып кетсе да, ак – ак бойдон, кара – кара бойдон калган.

* * *

Жалган ушактын өмүрү жок, ал унутулат, жалган атактын келечеги жок, бул да унутулат, калптын жаны жок, анткени ал да унутулат.

* * *

Китебин чыгара албай бараткан акындын ыры муңдуу, жакшылыкка жетпей бараткан адамдын өңү муңдуу, баласыз өтүп бараткан тагдыр муңдуу.

* * *

Мына тарапка таң агарып, жарыктын шооласынын таралышы башталат. Бир аздан кийин айланага күндүн нуру себилип, тоо-талаага бадырайган күндүн элеси даана көрүнүп сапары башталат. Ушинтип ата-бабам өскөн жерде түндүн эс алуусу аяктап, күндүн жашоосу башталат.

* * *

Капага батчу күн болот, капа унутулуп жеңишке жетчү күн болот. Жеңиштүү эл, тынч өмүр сүрүүчү күн болот.

* * *

Шаардан койдун үнүн угуп айылымды элестеттим. Кой кайтарган балалыгыма жомок экем, аны да кошо элестеттим.

* * *

Согуш болгон жерде коркоктук тез көзгө чалдыгат. Бирок кимдир бирөө баатырдык жаратса, аны менен бардыгы даңктанат.

Эрдиги менен жалпы журт даңктанат.

* * *

Акыйкат, эркиндик экөө коркунуч менен бийликтен бийик турат. Оор кезеңде адамдар ошол экөөнөн жөлөк издеп турат.

* * *

Бизди кудай көрүп турат дегениң жакшы кеп болот. Бирок ошол кебиңдин тууралыгын тарбияң, жүрүш-турушуң жана жасаган ишиң менен далилдөө ишеничти жаратат.

* * *

Ааламда кудай бирөө болгон сыяктуу жердеги чындык бирөө. Эгерде экөө болсо, ал акыйкатка такыр сыйбайт.

* * *

Туулган жерде жар кыяда кетип бараттым. Жар кыяда өткөн балалыгым колун сербеңдетип туруптур. Аны кыя албай далай ирет кылчак-кылчак карап бараттым.

* * *

Бактысыздыкты деле, бакытты деле адамдар жаратат. Бактысыздан кара шамал уруп турса, бакыттан жан жыргаткан салкындыктын шапатасы бетибизди аймалай, кубанычтын демин жаратат.

* * *

Чындык дарбазадан кирип, үйдөгү шайтандарды кууганда, ал көрүнгүс болгон. Демек, мындан ары бул үйдө бакыт кушу уялайт деген бүтүм болгон.

* * *

Деңиз толкун чачып, иштеп жатат. Ай нур төгүп, иштеп жатат. Мен жээкте ыр жазып иштеп жатам. Эч кимдин колу бошобойт, баарыбыз иштеп жатабыз. Эмгектен ырахат алып жатабыз.

* * *

Бала чагымда көл жээгинде өстүм, көл толкунунун үнү эсимен кетпей калыптыр. Энекем мага жомок айтчу эле, ошонун үнү да көл толкунундай эсимен кетпей калыптыр.Жаш чакта жалгыз досум бар эле. Ошонун айткан акыркы керез сөзү оюман кетпей калыптыр. Туулган жерде бир саз бар эле, сууда бакалар чардоочу, ошолордун үнү да, көңүлүмөн кетпей калыптыр.

* * *

Эч кимге көрүнбөй адамга экөө келди. Бакыт жана шайтан. Адам кайсынысын ээрчитет, анысы тагдыры. Бакытты ээрчитип кетсе экен. Аны көрүп биз да бактылуу болсок экен.

* * *

Үй-бүлөнүн эркеги жаман болсо, ошол үй-бүлө кыйналат. Эл

башчысы жаман болсо, бүтүндөй журт кыйналат. Буларды көрүп туруп башка эл кыйналат.

* * *

Пара, акчага адамдар азгырылып кетти. Пара берген киши да, пара алган адам да арам. Пара болгон жерде өсүү болбойт, аны ойлогон адам да арам.

* * *

Бул жердеги адамдарын баары биригип актыкты өлтүрдү. Эми алар кара көйнөк кийип, каралык менен өмүр сүрүп жатышат. Катуу кооптоном, алар эмнени иштегени жатышат.

* * *

Ырайымсыз бийлик, байлык, ач көздүк уялаган жерде чындык менен акыйкат качып, шайтан уялайт. Андай жерди жакшылык кантип уялайт.

* * *

Балыкчылар балыкка, малчылар малына, окуучулар мектепке кетти. Үйдө жалгыз оору менен кармашып кары адам калып жатат. Ажал менен өмүр эки дөө карсылдашып кармашып жатат.

* * *

Алыс жакта жүрүп жылкынын кишенегенин, койлордун маараганын сагындым. Жайлоодо жүрүп ошол сыйкыр үндүн астында чоңойдум. Ошол артта калган сыйкыр үндү сагындым.

* * *

Адам эмгекке тойбойт. Жашоонун көркөм түгөнбөгөн маңызы ошол. Көркөмдүк болгон жерде жашоо аяктабайт. Анын жолу ошол.

* * *

Куштар каякка кетти? Мезгил эмне деди? Алар түштүккө кетти, эми силердин жерде тынчтык жапайт. Анан күз өтүп, тарапка кыш келип, айлананы кар басып, бейкуттук жашайт

* * *

Бири-бирин түшүнсө, ал үйгө тынчтык келип конот.

Үй-бүлөнү тынчтык уяласа ал жерге бакыт кушу келип конот.

* * *

Ата-журттун бир сонун аймагын келжиреген башкаруучу башка өлкөгө берип жиберди. Ал менин орду толбос кайгым. Туулган жерге болгон сүйүүмдүн бир бөлүгүнөн айрылган кайгым.

* * *

Адамдар айтты:

– Даанышмандык каяктан башталат, – деп

– Даанышмандык сенин жүрөгүңөн башталат, ошол даанышмандык башталган жерде таза жана тунук булак шылдырап агып жатат.

– Даанышмандык башталган жерде бакыт жана кубаныч болот.

– Жөнөкөй карапайым адамдар ошол кубанычка жылынып турат.

* * *

Убакыт: Күндөр, айлар жылдар менен эсептелет, ал эми биздин элге сиңирген эмгегибиз эмне менен эсептелет? Жооп бергиле?

* * *

Байыркы сүрөтчү таштан эстелик жасап кеткенин көрүп турам. Мен анын ким экенин билбейм. Бирок колунан көөр төгүлгөн айкөл талнттуу адам экенин көрүп турам.

* * *

Адамдын даанышмандуулугу, жол көрсөткүчтүгү анын кадыр-баркын арттырып, аброюун көтөрөт.

* * *

Ар дайым зомбулук, теңсиздик болгон жерде орду толбос жоготуу болуп турат.

* * *

Улуу таланттар улуу эмгектерди жаратып, адамзат пендесин бакытка бөлөйт. Алардын ошонусу биз үчүн чоң ийгилик.

* * *

Кыямат-кайым, запкы жүрүп турган жерде адам баласы эркин боло албайт. Баары бир алар кыямат-кайымды жоготуп, бир күнү боштондукка чыгышат.

* * *

Акыл, талант, ыйман жана чындык жарыкты, караңгыдан бөлүп турат.

* * *

Жаратканым! Адамдардын жүрөгүнө мерес, таш боордукту уялатпа! Алар адам пенделери үчүн жаман нерселерди жаратат.

* * *

Усталардын сонун буюмдарды жаратышы, бактылуу эмгектин жеңиши, ал устанын эле кубанычы эмес жанынагы адамдардын да кубанычы.

* * *

Жакшылык адамды жамандыктан сактайт. Ошондуктан баардыгыбыз жакшылыкка умтулалы! Ошондо биздин алдыңкы күндөрүбүз таалайга жолугат.

* * *

Күзгү жалбырактардын жерге түшүп жатканын көрүп өкүнүчкө баттым. Ар бир жалбырак календардын айрылган барагындай элес берди. Анткени өткөн күндөрүбүз кандай аянычтуу экенин сезип ойго баттым.

* * *

Башкаларга бактысыздыкты алып келгенден корком, башка адамдар бактысыз болгонунан корком. Баарынан мурун кудайдан корком.

* * *

Жакшылыкты да, жамандыкты да адам жаратат. Жакшылык көп болсо адамдар бактылуу болот. Ал эми жамандык арбып кетсе, күндүн бетин кара так басып, пенделер кайгырган абалда болот.

* * *

Бузукулар топтолгон жерде бир жаман иш болот. Тазалык менен ак көңүлдүүлүк көз жашын тамчылаткан кайгы болот.

* * *

Жүрөктөр табышканда акыл эс биригип, ал жерде сонун үй-бүлө куралат.

Купите 3 книги одновременно и выберите четвёртую в подарок!

Чтобы воспользоваться акцией, добавьте нужные книги в корзину. Сделать это можно на странице каждой книги, либо в общем списке:

  1. Нажмите на многоточие
    рядом с книгой
  2. Выберите пункт
    «Добавить в корзину»